КР Акыйкатчы институтунун ишмердигине арналган тегерек стол өткөрүлдү

04/02/2022 - 12:37

Бүгүн, 2022-жылдын 4-февралында, Бишкек шаарында “Калктын өз укуктары жөнүндө маалымдуулугу контекстиндеги Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун ишмердиги жана Кыргызстандагы адам укуктарынын тутумдуу бузулууларын аныктоодо Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ролу”  аттуу тегерек стол болду.

Иш-чарада чыгып сөз сүйлөгөндөр:  

Ашимова Динара Ашимовна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы. «Укук кербени» («Караван права») долбоорун жогору баалады. Ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун алдында Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулган «Укук кербени» долбоору калктын бийликке болгон ишенимин арттырууга оң таасирин тийгизгенин баса белгиледи. Системдүү мыйзам бузууларды аныктоо, кабинетте отуруп эмес, эл аралап иштөө учурдун талабы. «Укук кербени» долбоорунун жыйынтыгы менен таанышканыма кубанычта болдум. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту калк менен бийликтин ортосунда көпүрө болушу керек. Ал ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети да жарандардын укугун коргоо боюнча бардык жерде тынымсыз иш алып барат -, деп белгиледи ал.

Акыйкатчынын орун басары Жамгырчиева Гульнара Оморовна бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш чарага катышып жаткандарга ыраазычылыгын билдирди. Аталган иш чара адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо ишине салым кошоорун белгиледи.

Сөз сүйлөгөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү: Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлү Косимо Ламберти Фосатти жана Евробиримдиктин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү, 2-Баскыч» долбоорунун жетекчиси Стефанос Кареклас да системалык мыйзам бузууларды аныктоодо Акыйкатчы институтун ролуна токтолушту.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Азарбеков Аскат Нарынбековичтин “Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышынын индекси” деген темада баяндама жасады. Бул сурамжылоонун жыйынтыктары  “Укук кербени” долбоорун демилгелөөгө негиз болгонуна токтолду.  Долбоордун жүрүшүндө аныкталган укук бузууларды топтоштуруп, системага салууга өз көмөгүн “Адилет” укуктук клиникасынын эксперттери көмөк көрсөтүшкөнү белгиленди.  

КР Акыйкатчысынын “Укук кербени” долбоорун ишке ашырууга, республика боюнча эл арасын кыдырууга финансылык колдоо көрсөткөнү үчүн эл аралык донорлорго  ыраазычылык билдирилди.

Иш чарада чыгып сүйлөгөн коомчулуктун өкүлдөрү “Укук кербени” долбоорунун оң таасирин жана аны улантуу зарылдыгын бир добуштан белгилешти.

Иш-чара тиешелүү резолюция кабыл алуу менен аяктады, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Колопов Альберт Сексенбаевич алып барды.