КР Акыйкатчы институтуна кайрылган арыздануучу: Милиция кызматкерлери менин балам кылмышты мойнуңа алсаң, 2,5 АКШ долларын беребиз деп сунушташкан

26/06/2019 - 15:28

КР Акыйкатчы аппаратына Бишкек ш. милиция кызматкерлеринин кылган аракетине даттанып Ч. Г. аттуу жаран кайрылды.

Ал арызында “КР ИИМ мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, милициянын полковниги О.Р. жана башка ИИМ кызматкерлери жана Бишкек ш. Свердлов райондук ИИБ тергөөчүсү М. Ж. кылмыш ишин бурмалап, жыйынтыгында менин уулум Ч.М. төрт айдан ашык Бишкек ш. №1 ТИЗО жатты. Ошондон бери милицонерлер бул кылмыш ишти аягына чыгара албай келишет, ал эмес менин уулума бул кылбаган кылмыш ишин мойнуна алса 2,5 АКШ доллар беребиз деп сунушташкан. Мындан тышкары уулум кылмыш ишти мойнуна алуу үчүн милициялар тарабынан сабалган” - деп жазган.

Аталган арызды текшерүү учурунда ырасталгандай, Ч. М. аттуу жаран 2018-жылдын 4-мартында кармалып, ал шектелген кылмыш ишинде жетиштүү далилдердин жоктугуна байланыштуу 2018-жылдын 4-июлунда бошотулган. Бул иш боюнча арыздануучу Ч.Г. (Ч.М. апасы) КР Президентине, Башкы Прокуратурага жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылган.

Бирок Ч. М. карата болгон кыйноолор боюнча иш ушул күнгө чейин Бишкек ш. УКМК башкы бөлүмү тарабынан каралган эмес. Андан тышкары Бишкек ш. Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан дагы милиция кызматкерлери кылган жосундарга укуктук баа берилген эмес.

Акыйкатчы аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы жана аскер кызматчыларынын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмү КР Башкы прокуратурасына Бишкек ш. Свердлов районунун милиция кызматкерлерине жана проруратурасына укуктук баа берүү , ошондой эле Ч. М. карата колдонулган кыйноолор жана адамкерчиликсиз мамиле кылгандары, негизсиз 4 айга камакта жатканы боюнча териштирүү жүргүзүү боюнча тийиштүү катын жөнөттү.