КР Акыйкатчы институту жана USAID жарандарга акысыз юридикалык жардам берүү боюнча кызматташтыгын чыңдоодо

26/10/2021 - 12:11

Бишкек, 26-октябрь 2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту жана USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору жана «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмеси укуктук жардам көрсөтүү боюнча 115 шыр байланыш кызматын колдоо максатында Өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюшту.

"Жигердүү жарандар" долбоорунун колдоосу менен 2021-2022-жылдарда 115 шыр байланыш кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарын Акыйкатчы институтунун астында эмгектенген жогорку квалификациядагы юристтердин телефон аркылуу акысыз укуктук консультациял түрүндөгү укуктук жардам менен камсыз кылат. Кыргызстандыктар жер боюнча талаштар, жарандык укуктар, жарандардын укуктук статусу, үй-бүлөө маселелери сыяктуу ар кандай укуктук маселелер боюнча жардам ала алышат.

Акыйкатчы институтунун, USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун жана «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмесинин ортосундагы Өз ара түшүнүү меморандуму 115 шыр байланыш кызматынын ишин колдоого багытталган эки жылдык өнөктөштүгүн ырастайт.

Меморандумга кол коюу аземинде Кыргыз Республикасындагы USAIDдин миссиясынын башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс Кыргыз Республикасынын конституциясы боюнча адам укуктарын коргоочу болуп эсептелген Акыйкатчы институтуна өлкөдө адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталуусуна контроль жүргүзүү  боюнча үзгүлтүксүз күч-аракеттерин жумшагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

«Кыргызстандыктардын акыйкаттыкка жетүүсүүн жакшыртуу – USAIDдин Кыргызстанда жүргүзгөн иш-аракетинин эң маанилүү багыттарынан бири. Акыйкатчы институту менен акысыз укуктук консультацияларды берүү жаатындагы кызматташуубуз  ушул чоң максатка жетүүгө салым кошот деп ишенем», – деди Кит Симмонс.  

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары  Г.Жамгырчиева USAIDдин Акыйкатчы институтуна көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“«Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында USAID көрсөткөн колдоонун аркасында биз эң татаал маселелер боюнча укуктук консультациялардын сапатын жогорулатууга жетиштик”,- деди Гулнара Жамгырчиева.

Акыйкатчы Институна караштуу 115 Шыр байланыш  кызматы 2015-жылы балдардын укуктарын коргоо кызматы катары түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал адам укуктары жана негизги эркиндиктери боюнча юридикалык жардам көрсөтөт. Жыл сайын тынымсыз байланыш телефонуна Кыргыз Республикасынын жарандарынан 8 000ден ашык чалуулар келип түшөт, анын ичине чет өлкөдө жашаган/иштеген жарандар дагы кирет.

«Жигердүү жарандар» долбоору USAID тарабынан каржыланып, FHI 360 эл аралык уюм тарабынан, негизги өнөктөшү болуп эсептелген «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмесинин катышуусу менен, ишке ашырылууда. Долбоор Кыргызстандын жарандык коом уюмдарынын, алардын тармактарынын өлкөдө жарандык катышууну бекемдөө боюнча күч-аракеттерин колдойт.