КР Акыйкатчы институту жана Демилгечил жаштар борбору пенсионерлерге гуманитардык жардам көрсөтүштү

31/03/2020 - 22:27

2020-жылдын 29 мартында “115 Шыр байланыш” кызматына  пенсионерлер Т.А (87 жаш), З.С (80 жаш) кайрылуу түшкөн, алар  тамак аш жана дары-дармек менен жардам берүүнү суранышкан.

Бул маселени чечүү үчүн Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Демилгечил жаштар борборунун ыктыярчылары Элзар Матосмонов (төрага орун басары), Акылбек уулу Нурболот (Кеңеш мүчөсү) жана  Алилет Асылбеков (координатор) менен байланышып, пенсионер аялдарга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранган.

Эки күндөн кийин, Т.А. жана З.С. КР Акыйкатчы аппаратына кайрадан телефон чалышып, алардын өтүнүчүн ыкчам каралышына көмөктөшкөнү жана жардам көрсөтүлгөнү үчүн ыраазычылык билдиришти.

.Бүгүн 31-март күнү Демилгечил жаштар борбору муктаж болгон 10 үй-бүлөгө Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте  кайрымдуулук көрсөтүү ниетинде.