КР Акыйкатчы Институту УШКлардын эртеңки парламенттик шайлоого даярдыгына мониторинг жүргүзүүдө

03/10/2020 - 16:23

Бүгүн, 3-октябрда Акыйкатчынын борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери Институту УШКлардын эртеңки парламенттик шайлоого даярдыгына жана мөөнөтүнөн мурда добуш берүү процессине мониторинг жүргүзүүдө.

Атап айтканда УШКлардын көчмө топтору бейтап жарандарга жана жабык мекемелерде кармалып турган адамдарга шайлоо урнасы менен барууларына баам салышууда. Мындан сырткары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын (ДМЧА) добуш берүүсүнө түзүлгөн шарттарга көңүл бурулууда.  

Белгилеп коюучу жагдай, 2-октябрь күнү КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Боршайлоокомго кайрылуу жөнөтүп, анда  4-октябрь, добуш берүү күнү дене табы көтөрүлгөнү аныкталган жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо маселесин чечүүнүн зарылдыгын белгилеп кайрылды.