КР Акыйкатчы институту прокуратура органдарын жана КР Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматын шектелгендерди/ айыпталгандарды мыйзамда каралган мөөнөттөн ашуун кармалышына жол койбоого чакырат

29/12/2021 - 11:02

КР Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы бир жылдан ашуунга колдонбошу керек, бир жыл болгон соң  бөгөт коюу чарасынын башка түрүнө өзгөрүлүшү керек. Бул тергөө стадиясындагы, ошондой эле соттук териштирүү стадиясындагы жазык иштерине жайылтылат.  Кайталап камакка алуу, үй камагына алууда камакка алуу, үй камагына кармоо мөөнөтү мурда тергөө учурунда камакта кармоо же үй камагында болуу мөөнөтүн эске алуу менен эсептелет.  Көрсөтүлгөн убакыттын өтүшү менен айыпталуучу прокурорго маалымдоо менен кармоо жайдын администрациясы тарабынан бошотулууга жатат.

Республиканын тергөө изоляторлоруна КР Акыйкатчы Аппаратынын, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун жана Жазык процессинде адам укуктарын коргоо боюнча Article9 ассоциациясынын эксперттери тарабынан биргелешип өткөрүлгөн укук коргоочулук мониторингдин жыйынтыгы төмөнкүлөрдү көрсөттү:

– КР Юстиция министрлигинин ЖАК №21 мекемесинде (Бишкек шаарындагы №1 ТИЗО) соттолуучу 18 адам бир жылдан ашуун (2021-жылдын 24-декабрына карата) жана  51 адам кармалгандан бери бир жылдан ашуун олтурат.

– КР Юстиция министрлигинин ЖАК №24 мекемесинде (Нарын шаарындагы №4 ТИЗО) соттолуучу 3 адам бир жылдан ашуун кармалууда (2021-жылдын 28-декабрына карата);

– КР Юстиция министрлигинин ЖАК №25 мекемесинде (Ош шаары),  №23 ( Каракол ш.) жана №53 (Жалал-Абад ш.), тергөө изоляторлорунун администрациялары берген маалыматка ылайык, бул мекемелерде бөгөт коюу чарасы тандалып, бир жылдан ашуун олтургандар жок.

КР Акыйкатчы Аппараты, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору жана Жазык процессинде адам укуктарын коргоо боюнча Article9 ассоциациясы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарын  жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазык аткаруу кызматын шектелгендерди/ айыпталгандарды мыйзамда каралган мөөнөттөн ашуун кармалышына жол койбоого чакырат.