КР Акыйкатчы институту Нарын шаарынын тургунунун эмгек укуктарын коргоп, бузулган укуктарын тикелөөгө көмөк көрсөттү

14/01/2022 - 10:45

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Нарын облустук өкүлчүлүгүнө наамына  Нарын шаарынын тургуну Г.Т арыз менен кайрылып, эмгекке болгон укугун коргоону суранган. Ал арызында жазгандай, «-2015-жылдан тартып НРОАА жана МСЭК борборунда (Нарын райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик эпидемологиялык көзөмөлдөө борбору) катчы-машинист,  ал эми 2017-жылдан бери уюштуруу бөлүмүндө иш кагаздарды жүргүзүүчү адис болуп иштеп келген,  2018-жылы бала багуу үчүн эмгек өргүүгө чыккан,  2021-жылдын 16-августунда эмгек өргүү аяктаганына байланыштуу кызмат ордума чыкса, жетекчиси Э..Бакалова кызмат абалынан пайдаланып  «0.5 ставкага иште же кызмат ордуӊан өз каалоӊ менен арызыӊды жазып кет» деп аброюна  шек келтирген, ар-кандай сөздөрдү айтып укугун тебелеп, куугунтукка ала баштаган.

Г.Т.арызын териштирүү учурунда НРОАА жана МСЭК борборунун башкы дарыгери Э.Бакалова тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптары сакталбай, кызматтык ыйгарымдарынан аша чаап, мыйзамсыз аракеттерге барганы жана арыз ээсинин Конституциялык укуктары бузулуп жаткандыгы байкалган.

Анын негизинде Акыйкатчынын өкүлчүлүгү Нарын шаардык жана облустук прокуратурага Г.Т. арызында көрсөтүлгөн дооматтарын териштирүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн кат жөнөтүлгөн.

Өкүлчүлүктүн бул сунуштама катына Нарын облусунун, шаарынын прокурорлорунан жооптору алынды. Алынган жоопто, Нарын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Н.Бакалова тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптарын одоно түрдө бузуп жана мыйзамдардын тийиштүү денгээлде билбегендигинин натыйжасында арыз ээси Г.Т. укугу бузулгандыгы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин наамына мыйзам бузуучулукту четтетүү менен тартиптик чара көрүү жөнүндө сунуш келтирилгенин билдирилген.

Жыйынтыгында, арыз ээси Г.Т. арызындагы доооматтары толук канааттандырылган, ал өз кызмат ордунда кайрадан иштеп жатат.