КР Акыйкатчы Институту КР Соттор кеңешинен Сокулук райондук сотунун судьясы Т.Масыбаевди тартип жоопкерчилигине тартууну суранат

05/11/2021 - 10:13

КР Акыйкатчысынын наамына Ж.у.Н жана Т.у.И жактоочулары адвокаттар С.Мацаков жана Р.Чойбеков алардын жактоосундагы соттолуучулар  көптөн бери абакта жатканына даттанып, соттук териштирүүлөргө мониторинг жүргүзүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Соттук отурумга Акыйкатчынын Чүй облустук өкүлчүлүгү тарабынан байкоо жүргүзүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган.

Сокулук райондук сотунун судьясы Т.Масыбаев тарабынан 1995-жылы туулган Ж.у.Н  жана Т.у.И  карата кылмыш иши каралууда. Иш 2020-жылдын 16-мартында келип түшкөн.

Ошондон бери Ж.у. Н. жана Т.у.И карата камакка алуу тууралуу бөгөт коюу чарасы бир нече жолу  эки айга узартылган. Атап айтканда: 2020-жылы 13-майда 16-июлга чейин узартылган, андан ары 1-июлда 16-сентябрга чейин, 8-сентябрда 16-ноябрга чейин, 2021-жылдын 13-январында 16-мартка чейин, 16-мартта 16-майга чейин, 3-майда 16-июлга чейин, 16-июлда 2021-жылдын 16-сентябрына чейин  узарткан.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде КР Акыйкатчы аппараты белгилейт, КР Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык,  Өндүрүшкө ишти кабыл алган учурдан баштап өкүмдү, аныктаманы, токтомду аткарууга киришкенге чейин, судья, сот айыпталуучуга карата бөгөт коюу чараларын тандоого, өзгөртүүгө же алып салууга укуктуу.

Белгилеп коюу керек, бул боюнча КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими да бар.

 Бөгөт коюу чарасы ушул Кодекстин 274-беренесинде каралган соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө колдонулат.

Ушул эле берененин 5-бөлүгүндө Өзгөчө учурларда бөгөт коюу чараларын колдонуунун мөөнөтүн бир жылдан ашыкка узартуу иш өз өндүрүшүндө турган судьянын жүйөлөнгөн токтому боюнча жүргүзүлөт. Аталган токтом 5 күндүк мөөнөттө маалымат үчүн Жогорку сотко жөнөтүлөт.

Бирок Чүй облусунун Сокулук райондук соту тарабынан  соттолуучулар Ж.у.Н жана Т.у.И. камакта кармоонун негиздүүлүгү жөнүндө  позициясын түшүндүргөн эмес.

Ошентип, Сокулук районунун судьясы Т.Масыбаев тарабынан соттолуучулардын КР Жазык –процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-пунктунда каралган укуктары бузулган.

Мындан тышкары, Акыйкатчы аппараты бул кылмыш ишинде төрагалык кылуучу судья Масыбаев Тилек Төлөнбаевич тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 274-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптары бузулган деп эсептейт. Анда анча оор эмес кылмыштар жөнүндө жазык иши судья тарабынан маңызы боюнча бир айдан кечиктирилбестен, ал эми оор же өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иш - 2 айлык мөөнөттө, ал эми сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралуучу жазык иштери боюнча иш - сотто кароо башталган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө чечилүүгө тийиш деп жазылган.

Ошондой эле эске алуучу жагдай, судья Масыбаев Т.Т. эл аралык укуктун ченемдерди бузган, тактап айтканда: Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 9-беренесинин 3-бөлүгүн, анда адамдын эркиндигине жана жеке кол тийбестигине болгон укуктун бири «камакка алынган ар бир адамдын укугу катары жаран акылга сыярлык мөөнөттө соттук териштирүүгө же бошотуулууга тийиш."

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты судья Т.Т.Масыбаев 2021-жылдын 26-октябрында саат 11:00гө белгиленген сот отурумун өткөрбөй, жеке кабинетинен чыкпай туруп, бул тууралуу адвокат С.А.Мацаковго отурум кийинкиге жылдырылганын  жана анын датасын телефон аркылуу билдире тургандыгын маалымдаганына  өзгөчө көңүл бурат. Ошентип, судья Т.Т.Масыбаев бул аракети менен  Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 291 жана 294-беренелеринин талаптарын бузган.

Жогоруда айтылгандардын негизинде жана  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесине, ошондой эле КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР  мыйзамынын 8, 8-2, 10 жана 12-беренелеринин 14-пункттарына ылайык, Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине кайрылып, тартип өндүрүштү козгоону, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Масыбаев Тилек Төлөнбаевичти бир нече жолу укук бузууларга жол бергендиги  үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.

Аталган маселе КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун көзөмөлүндө.