КР Акыйкатчы институту КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК мекемелерине караштуу өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган мекемелерге мониторинг жүргүзүүнү улантууда

04/12/2019 - 16:15

КР Акыйкатчысы (Омбудсмени)Токон Мамытов  Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 71 жылдыгына карата адам укуктарынын бир айлыгы жарыяланган эле. Бир айлыктын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш чаралардын алкактарында КР Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери көз карандысыз эксперттер менен биргеликте  өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармоонун шарттарына мониторинг жүргүзүшүүдө.  

Бул мониторинг ЖАМКнын төмөнкү мекемемелерин камтыйт: №1 ТК, 16-ТК,19-ТК, Бишкек шаарындагы №1 ТИЗО, Ош шаарындагы 25-ТИЗО жана Нарын шаарындагы 24-ТИЗО.  

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө өмүр бою эркинен ажыратылгандардын жалпы саны - 347 адам.