КР Акыйкатчы Институту КР Маалымат жана басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

06/11/2020 - 10:27

Урматтуу  журналисттер, ММК өкүлдөрү, Кыргызстандын полиграфия, басма  жана китеп сатуу тармагынын кызматкерлери!

Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнүн алдында, КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун жетекчилиги жана кызматкерлери бардыгыңыздарды – массалык маалымат каражаттарынын, радио жана телекөрсөтүү, полиграфия, басма жана китеп сатуу тармагынын кызматкерлерин, ошондой эле WEB-журналистиканын өкүлдөрү – сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Сиздердин кесипкөй  тажрыйба, дүйнө тааным жана кеңири көрөңгөңүздөрдүн  биздин жарандардын жашоосуна жана өлкөбүзгө карата кайдыгер эмес мамилеңиздердин аркасында бүтүндөй Кыргызстандын өнүгүүсү, бардык кыргызстандыктардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча максаттарга  жана ар бир адамдын жана жарандын конституциялык укуктары жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүнө таасири чоң жана республиканын өнүгүү жолунун оптималдуу планын түзүүдө,  керектүү жана өз убагында түзөтүүлөрдү  киргизүү үчүн    көптөгөн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Сиздердин ушундай патриоттуулук жана өжөрдүүлүк менен өз ишиңерди астейдил аткарып жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздерге мындан ары да кесибиңиздерден баар таап,  ийгиликтерге  жетүү үчүн  бекем ден-соолук,  кажыбас кайрат жана , чыгармачылык  иш пландардын аткарылышын, кесиптик жаңы  бийиктиктерди жана бакубаттуулукту каалайбыз!

7-ноябрь, майрамыңыздар менен! Майрамыңыздар жаркын маанайда өтсүн!

Урматтоо  менен  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен)  институтунун жетекчилиги жана жалпы  кызматкерлери