КР Акыйкатчы институту Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейдин директорун убактылуу кызматтан алууну сунуштайт

31/01/2022 - 12:55

КР Акыйкатчысына М.Б., аттуу жаран кайрылып, ал өзү окуган Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейде 2020-жылдын сентябрь айынан 2021-жылдын март айына чейин студенттер тийиштүү стипендияларын ала албай жатышканын билдирди. Анын пикиринде,  ал акчаны лицейдин директору жана башкы бухгалтери жеке максаттарына жумшашкан.

Бул кайрылуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгү тарабынан Чүй облусунун прокуратурасына тиешелүү кат жөнөтүлүп, алар өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунуш киргизген.

Кошумчалай кетсек, ушундай эле кат КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына да жөнөтүлгөн. УКМКдан алынган жооптон, бул факты №03-825-2021-000xxx менен КЖБРда катталып, учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүрүп жатканы белгилүү болду.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык №102 кесиптик лицейинин директоруна “сөгүш” жарыялады.  Тартиптик жаза чарасын колдонууга Чүй облусунун прокуратурасынын 29.10.2021-жылдагы сунуштамасы жана №102 КЛ маалым каты негиз болгон. Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары кол койгон катта, “№102 кесиптик лицейдин директоруна карата УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп, бүгүнкү күндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү чыгалек болгондуктан, У.Т Керимбаевди иштен четтетүүгө мүмкүн эместиги” жазылган.

«№102-кесиптик лицейдин директоруна карата иш УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөөдө болгондуктан, бүгүнкү күнгө чейин соттун өкүмү жок экени айтылат. Мыйзамдуу күчүнө кирген чечим жоктугуна байланыштуу  У.Т.Керимбаевди кызматтан четтетүү мүмкүн эмес”,-деп жазылган жоопто.

Акыйкатчынын аппараты КР Билим берүү жана илим министрлигинин позициясы менен макул эмес жана жогоруда аталган лицейдин директору тергөөнүн жүрүшүндө ээлеген кызматынан четтетилиши керек деп эсептешет. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 76-беренесинин 8-пункту («жумуштан убактылуу четтетүү») кызматкер четтетилиши мүмкүндүгүн карайт:

–  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка учурларда.

Учурда Акыйкатчы институту КР УКМК башчысына Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 76-беренесинин 8-пунктуна жана   Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 120-беренесине ылайык, Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейдин директорун кызматтан убактылуу четтетүү боюнча сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен кайрылган.  

p/s. Бул материал расмий сайтка жарыяланып жана интернет басылмаларына жөнөтүлгөндөн кийин КР Акыйкатчы аппаратына КР Билим берүү жана илим министрлигинен телефон(660351) чалышып, №102 Кесиптик-лицейдин директору 2022-жылдын 17-январында өзүнүн берген арызына ылайык кызматтан бошотулганын маалымдашты.