КР Акыйкатчы институту Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясына Р. Жеенбековго карата кат жолдоду
КР Акыйкатчы институту Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы А.Медеровдун наамына кат жолдоду. Кайрылууга адвокат З.Жоошевдин КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде (ТИЗО-1) кармалып жаткан Р.Жеенбековдун кызыкчылыгы үчүн арызы негиз болгон.
Бул арыздын негизинде Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү 2021-жылдын 28-октябрында Р.Жеенбеков менен жолугушуу үчүн ТИЗО-1ге барышкан. Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүдө Р.Жеенбеков ага карата баш коргоо чарасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн, медициналык текшерүүдөн өтүү жана дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгып кетүү жагдайларын кароо боюнча сотко өтүнүч кат жөнөтүлгөнүн билдирди.
Р.Жеенбековдун айтымында, «Цадмир» гепатологиялык борборунда текшерүүнүн жыйынтыгында ага боордун II, III даражадагы фиброзу диагнозу коюлган – бул оору күчөсө, циррозго алып келет. Мындан тышкары, геппатит В вирусу деген өнөкөт оорусу бар жана учурда уролог, диетолог, невропатолог, гепатолог ж.б. дарыгерлерден кошумча текшерүүлөрдөн өтүүсү зарыл. Андан соң врачтардын консилиум чечиминин негизинде ага туура дарылоо дайындалат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесин жана тиешелүү ченемдерин, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» мыйзамынын 3, 8, 10-беренелерин жана 12-беренесинин 1-пункттарын жетекчиликке алуу менен адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максатында, Р.Жеенбековдун арызын кароодо жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларды эске алууну соттон өтүнөт.