КР Акыйкатчы институту балдардын укуктарын коргоонун бир айлыгын жарыялады
Балдардын укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) институтунун ишмердигинде артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Аймактардагы балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук фактылары Акыйкатчынын аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан ыкчам түрдө аткарылып, борбордук аппараттын туруктуу көзөмөлүндө турат.
2021-жылдын башына карата Кыргыз Республикасында 18 жашка чейинки 2 миллион 381 миң бала жашаса, анын жарымынан көбүн (51%) эркек балдар түзгөн. 2018-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 69 миңге, же 3%га өскөн. Балдардын басымдуу көпчүлүгү (68%) айыл жеринде жашашат. Кыргызстанда 17 жашка чейинки балдардын 11%ынын ата-энеси мигрант болуп саналат.
Үстүбүздөгү жылдын башына карата балдардын жалпы санынан:
• 46% - 7 жашка чейинки балдар (1 млн 97 миң адам);
• 42% - 7-14 жаштагылар (988 миң адам);
• 12% - 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (296 миң адам).
Балдарга карата зордук-зомбулуктун көп учурлары, биринчи кезекте, ата-энелердин жана жалпысынан көптөгөн чоңдордун физикалык жана психологиялык зомбулукка кабылган бала үчүн келечекте оор кесепеттеринин ар түрдүү болушун түшүнбөгөндүгү менен шартталган, анткени ал келечекте өзүнүн же башка адамдардын балдарына карата ушундай аракеттерди кайталайт.
Экинчи себеп – зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасыз калышы, ошондой эле курмандык болгон балдардын жана кылмыштын күбөлөрүнүн сот адилеттигине жетүүсүнүн чектелгендиги. Тилекке каршы, биз билгендей, көпчүлүк учурда балага карата зордук-зомбулук/кылмыш жасаган адам жоопкерчиликке тартылганда, ата-эне же аны алмаштырган адам кылмышкерди жоопкерчиликке тартууга тоскоол болот.
Зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн ата-энелер жана алардын жакындары менен профилактикалык жана психологиялык иштерди такай жүргүзүү, балдарды зомбулуктан коргоо боюнча иш-чараларды күчөтүү, үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү зарыл. Мындан тышкары, социалдык өнүктүрүү органдарынын, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциялардын, башка аймактык мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин, ошондой эле социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга туруктуу негизде көмөк көрсөтүү зарыл. Жашы жетпегендердин укуктарын коргоо боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы ишти күчөтүү зарыл.
Ошондуктан, балдарга карата зомбулуктун себептерин жана фактыларын алдын алуу жана андан ары системалуу түрдө азайтуу, балдарды зомбулуктан коргоо, ошондой эле алардын укуктарын жана таламдарын талашуу максатында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту тарабынан 2022-жылдын 8-февралынан 9-мартына чейин бир айлык жарыяланды.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты бардык таламдаш уюмдарга, бейөкмөт уюмдарга жана кызыкдар жарандарга балдарга карата зомбулук фактылары боюнча Акыйкатчы институтуна билдирүү өтүнүчү менен кайрылат. Билдирүүлөрдү “115 шыр байланыш” кызматына, Акыйкатчынын ombudsman@inbox.ru электрондук дарегине (“Балдарга карата зомбулук фактылары” белгиси менен), ошондой эле Акыйкатчынын Коомдук кабылдамасына жана анын адистештирилген бөлүмүнө жеке арыз же кайрылуу жөнөтсө болот.
Бир айлыктын жарыяланышы, анын максат-милдеттери тууралуу КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жана Аппарат кызматкерлери 7-февраль күнү “Кабар” маалымат агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында кеңири айтып берди.