КР Акыйкатчы институту асылзат айымдарды эл аралык майрамы менен куттуктайт

08/03/2022 - 11:41

Урматтуу Кыргызстандагы аялзаты,

Сиздерди бүгүнкү эл аралык майрамыңыздар менен жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун атынан куттуктайм.

Коомдо аялдар – зор күч. Коомубуздун бардык чөйрөсүн аялсыз элестетүү мүмкүн эмес. 1910-жылы жар салынган аялдардын тең укуктуулугу идеясы бүгүнкү күндө да актуалдуу бойдон калууда.

Бүгүнкү күндө жылуу куттуктоолорубузду жалпы аялзатына, алардын ичинде аргасыздан балдарынан, үй-бүлөсүнөн алыста тосуп жаткан мигрант айымдарыбызга, кызмат абалы боюнча саламаттык сакчылыгында, элдин коопсуздугунда, тейлөө тармагында жумуш үстүндө тосуп жаткан айымдарга жолдойбуз.

Атыр Абдрахматова