КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери убактылуу кармоочу жайды жана кабыл алып-бөлүштүрүү жайына мониторинг жүргүзүштү

30/04/2020 - 12:26

Буга чейин маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамынын 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын  аймагына өзгөчө  абалдын киргизилиши Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин токтоттурбайт, чектебейт жана токтото албайт. Ошол себептен Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери өз ишин өзгөчө режимде улантышууда.

Алып айтканда, кечээ 29-апрелде КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери “Голос свободы” коомдук фондунун өкүлү менен биргеликте Бишкек ШИИБ убактылуу кармоочу жайын жана ал жерде коменданттык саатты бузгандар кармалуучу №714 аскер бөлүгүнө (мурдагы кабыл алып-бөлүштүрүүчү жай) мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин жүрүшүндө ШИИБ УКЖ администрациясы билдиргендей, азыркы учурда убактылуу кармоочу жайда 40 адам олтурат. Абал туруктуу. Кызматкерлер жана кармалган жарандар зарыл болгон жекече коргонуу каражаттары менен камсыз болгон.

Андан тышкары, убактылуу кармоочу жайдын камераларында жана анын аймагында күн сайын санитардык тазалоо  иштери  жүргүзүлөт.  Жумасына бир жолу Санитардык эпидемиологиялык станциянын адистери тарабынан санитардык жумуштар жүргүзүлөт.  Бишкек ШИИБ УКЖ жетекчилиги ошондой эле кармалган 20 адам 20-апрелде тергөө изоляторуна этап менен жөнөтүлгөн. Азыркы учурда дагы 30 адамды тергөө изоляторуна этаптоого даярдалууда, коронавирус илдети аныктоо үчүн алардын ПЦР анализдери алынган, анын жыйынтыгы таза чыкса, тергөө изоляторлоруна жөнөтүлөөрүн маалымдашты.