КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери «Сабаттуу бол» республикалык жат жазуу иш чарасына катышышты

16/05/2019 - 16:07

15-май күкү КР Акыйкатчы аппаратынын беш кызматкери өз ыктыяры менен республикалык жат жазууга катышты. Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан  мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата  республикалык  масштабда  «Сабаттуу бол» жат жазуу өткөрүлдү. К. Карасаев атындагы БГУнун чоң залында  Бишкек шаарында эмгектенип жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер  жат жазуу үчүн чогулушту.

Комиссиянын төрагасы куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады.  Жат жазууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Турсунбеков Чыныбай Акунович окуду. Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинен Майсалбектин каты жат жазуунун темасы катары тандалды.

Көптөн бери жат жазуу жазбаган, ал эмес калем сап менен жазбай, жалаң компьютердин клавиатурасын терип көнгөн кызматкерлер эки бет көлөмүндөгү жат жазууну ар ким өз деңгээлине жараша жазды. Албетте, мында  жогорку же  төмөнкү баа алуу маанилүү эмес. Ушундай саамалык колдоого алынганы болду. Бул саамалык жыл сайын уланып, салтка айланып калаарына ишеним жаралды. Жыйынтыгын  mamtil.kg сайтына жарыяланат.