КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери №12 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучулары менен жолугушту
Бүгүн, 2020-жылдын 29-январында Акыйкатчынын кеңсесинин конференц-залында Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери Кыргыз-Орус Славян университетинде (КРСУ) кесиптик багыт боюнча билим алып жатышкан Бишкек ш. №12 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучулар тобу менен жолугушту. Бул жолугушуунун демилгечиси КРСУнин Юридика факультетинин мамлекет теориясы жана укук тарыхы кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты Г. Суранчиева болду. Ал эми жолугушууну Акыйкатчы аппаратынын Балдар, аялдар жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмү уюштурду.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө аппараттын бөлүм башчылары жогорку класстын окуучуларына адамдардын жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча өздөрү жетектеген бөлүмдүн багыты жана иш-аракеттери тууралуу айтып беришти. Атап айтканда алар аялдардын, балдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын, аскер кызматкерлеринин укуктарын, эмгек мигранттарынын укуктарын, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелеген жарандардын укуктарын ошондой эле жабык жайларда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандардын укуктарын коргоодо кандай ыкмалар колдонуларын, иш үстүндө кандай кыйынчылыктар болорун ж.б. боюнча кеңири маалымат беришти. Андан тышкары Акыйкатчы аппаратынын алдында түзүлгөн “115 шыр байланыш” кызматынын ишмердиги боюнча да айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында КР Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү жаш укук коргоочулардын окууларына ийгиликтерди каалап, адам укуктарын коргоо боюнча алган теориялык билимин бекемдеп, бул чөйрөгө аралашып иштейм деген максатты койгондор Акыйкатчы институтуна ыктыярчы болуп иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилешти.