КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери эркинен ажыратуу жайларындагы ДМЧАлардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү

05/12/2020 - 13:12

2020-жылдын 19-30-ноябрь күндөрү КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын Социалдык-экономикалык укуктарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери көз карандысыз эксперттер тобу жана дарыгерлер менен бирге Чүй облусундагы жабык мекемелерге мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин максаты жабык мекемелердеги  ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарынын сакталышы жана КР Акыйкатчысынын наамына буга чейин келип түшкөн кайрылууларда баяндалгандарды текшерүү болду. Мониторинг учурунда КР ИИМ убактылуу кармоочу жайлары жана КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын түзөтүү колонияларын жана тергөө изоляторлорун текшерүү болду.

Бул текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, соттолгондордо майыптуулуктун реалду белгилери боло туруп, аларга МСЭК өткөрүлбөйт жана майыптуулугу аныкталбайт. Анткени бул КР Өкмөтүнүн тиешелүү Токтомунда каралган эмес.

Мисалы, ЖАМКнын №47 мекемесинде жаза өтөп жатышкан соттолгондор жамааттык арыз менен Акыйкатчыга кайрылышып, аларга карата медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүгө жана аларды майып катары таанууга көмөк көрсөтүүнү суранышкан.Бул кайрылууга себеп болуп, КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №68 токтому себеп болгон, анын 30-пунктунда  “МСЭК эркинен ажыратуу жайларындагы жарандарга карата жүргүзүлбөйт” деп жазылган.  

Бул кайрылуу боюнча  КР Акыйкатчы Аппараты ЖАМКга кат жөнөтүп, соттолгон 18 жаранга карата медициналык көзөмөл жүргүзүү суралган. Кайрылуунун натыйжасында көрсөтүлгөн адамдарга карата текшерүү жүргүзүлгөн, алардын ар биринде майыптыктын тигил же бул белгиси аныкталган. Эми майыптыктын тобу МСЭК аныктаганда гана берилет.

Ошондой эле Акыйкатчы аппараты тарабынан соттолгон А.Б. арызы текшерилген. Ал өз арызында мекеменин санитардык бөлүгүнүн жана КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК кызматкерлеринин аракетсиздигине даттанган.

Соттолгон А.Б.ны КР Акыйкатчы аппаратынын жана мекеменин санитардык бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан бир караганда эле бир буту жоон сандан кесилип салынганы (2017-жылы эле кесилген) көрүнүп турат. Бирок ошондон бери ага тийиштүү майыптык белгиленген эмес. Мындан сырткары, соттолгон А.Б.. башка да ооруларына даттанган, анын баары туура эмес текшерүүнүн жана буга чейинки туура эмес дарылоонун кесепетинен деп эсептейт.

Ал эми соттолгон А.К. энеси, уулуна МСЭК өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылган. Арыз ээсинин айтымында №47 мекемеде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан уулунун саламаттыгы күн сайын начарлап, сол көзү толук көрбөй калган жана учурда оң көзүнүн көрүүсү начарлап баштаган.  

Бул арыз боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери №47 түзөтүү мекемесине  барышып, соттолгон адам менен аңгемелешип, натыйжада тиешелүү каттар менен КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКга жана КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине кайрылып, соттолгон А.К. карата МСЭК өткөрүү маселесин кароо сунуштамасын беришкен.  

Бирок жогорудагы бардык учурларда КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКдан  соттолгондорго карата МСЭК өткөрүүгө болбойт, анткени КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө
ЖОБОнун 30-пунктундагы “МСЭК жазаны өтөө жерлеринде жүргөн жарандарга экспертиза жүргүзбөйт” дегенге  шилтеме беришет.

Ушуга байланыштуу Акыйкатчы аппараты КР Өкмөтүнө кайрылып, жогоруда аталган Токтомго өзгөртүү киргизүүнү, анда эркинен ажыратуу жайларында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга карата жалпы негизде МСЭК өткөрүүгө милдеттендирген. Бирок КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Акыйкатчынын жогоруда көрсөтүлгөн сунушун буга чейин негизсиз четке кагып, анын айынан майып боло туруп, майыптыгы тастыкталбаган адамдар “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу:мунапыс жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык каралган мунапыска илинбей калышкан.