КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Чүй облусундагы социалдык стационардык жана психиатриялык мекемелерге барышты
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери социалдык стационардык мекемелерде, ошондой эле Чүй облусундагы психиатриялык мекемелерде мониторинг жүргүзүштү.
Бекитилген маршрутка ылайык, 2021-жылдын 15-ноябрында Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Орловка айылындагы балдар үй- интернатына, Чым-Коргон айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканага барышкан. 16-ноябрда Токмок шаарындагы борбордук нерв системасы бузулган жана психикалык жактан жабыркаган балдардын республикалык балдар үйүндө, ошондой эле Нижне-Сирафимовка айылындагы карылар жана майыптар үйүндө болушту.
Акыйкатчынын өкүлдөрү аталган мекемелерде дайымкы жашагандар үчүн шарттардын сакталышын текшерип чыгышты. Атап айтканда:
- уктоочу керебеттердин жана керектүү буюмдардын болушу;
- тамак-аш менен камсыз кылуу;
- гигиеналык каражаттардын болушу жана башка маселелерди карашты.
Акыйкатчынын өкүлдөрү стационардык мекеменин тургундары жана мекеме жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жашап жаткандарга алардын укуктары жана мамлекеттик мекемелердеги социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча мамлекеттик кепилдиктер тууралуу маалымат берилди. Алардын өтүнүчү боюнча алардын укуктары жана кызыкчылыктары боюнча юридикалык кеңештер берилди.
Мониторингдин жыйынтыгы менен белгиленген көйгөйлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту (Омбудсмени) мамлекеттик органдарга мекемелердин муктаждыктарын жоюу, учурдагы шарттарды бардык стандарттарга жеткирүү үчүн тиешелүү сунуштарды берет.
Бул мониторинг Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн техникалык жана финансылык колдоосу менен ишке ашырылат.
Мындан тышкары, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы ушундай эле социалдык стационардык мекемелерге жана психиатриялык мекемелерге барууну пландап жатышат.