КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкектеги №1ТИЗОго барып, Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган чет элдик жарандар менен жолугушту

06/11/2020 - 10:24

Тактап айтканда, Түштүк Кореянын жараны Ч.Ч.Х менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал 2017-жылы алдамчылык жана чет элдик инвесторлорго материалдык чыгым алып келгендиги үчүн кармалып, сот жообуна тартылган. Ал өзүнүн иш-аракеттери менен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына да доо келтирген. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган кылмыштар үчүн Биринчи Май райондук соту буга чейин Ч.Ч.Х. беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга чечим чыгарган. Учурда, анын кылмыш иши кайрадан каралып жатат бирок процесстер онлайн режиминде жүрүп, анын кезеги ага жете электигине байланыштуу создуктурулуп, 1-ТИЗОдо кармалып турат. Бул соттолгон адам Пакистандын, Тажикстандын, Кытайдын жана Түркиянын жарандары менен бирге камерада отурушат. Мындан тышкары, Ч.Ч.Х. 20 жыл мурун жасаган ири өлчөмдөгү алдамчылык кылмышы үчүн өз мекенинде Интерпол аркылуу издөө жарыяланган.

Анын ишин алпарган жактоочусу бар. Түштүк Кореянын жараны кармоонун шарттары жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин аракеттери боюнча эч кандай дооматы жок.

Ошондой эле, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тыюу салынган диний уюмдун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313, 314 жана 315-беренелери боюнча айыпталып жаткан Өзбекстандын 1986-жылы туулган  Ю.Р. аттуу жараны (Кара-Суу ш, Андижан облусу) менен жолугушту. Бул соттолуучу 1-ТИЗОдо 2020-жылдын февраль айынан бери кармалып турат. Учурда анын кылмыш ишин Ленин райондук соту карап жатат. Ю.Р. кармоо шарттарына эч кандай дооматы жок.

Эскерте кетсек, "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" КР мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Омбудсмен (Акыйкатчы) ...Кыргыз Республикасында жүрүшкөн чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын же болбосо алардын өкүлдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын, кызмат адамдарынын, мамлекеттик кызматчылардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдер жана макулдашуулар менен белгиленген адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуп жатышкан чечимдерине же аракеттерине (аракетсиздигине) тиешелүү болгон арыздарды жана даттанууларды карайт.

Бул жерде жарандыгы, расага же улутка таандыктыгы, диний же саясий ынанымдары, жашаган жери, жынысы, жашы жетпегендиги, коомго аралашуусу же обочолонуусу, ошондой эле баш ийүүчүлүктүн өзгөчө түрү, администрацияга же мамлекеттик бийликке баш ийүүчүлүгү эч кандай тоскоолдук боло албайт.