КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек ш. №1 ТИЗОда жаткан Равшан Жээнбековго жолугушту

16/12/2019 - 14:41

Бүгүн, 2019-жылдын 16-декабрында КР Акыйкатчы аппаратынын өкүлү (Укук коргоо органдары тарабынан  эркиндиги  чектелген жана ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарын  көзөмөлдөө  бөлүмүнүн кызматкерлери) Бишкек ш. №1 ТИЗОго барышып, ушул жылдын 12-декабрында КР ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалган  мурунку депутат Равшан Жээнбеков жана Пайзылда уулу Дамирбек аттуу жаран менен жолугушту. Пайзылда уулу Дамирбек менен Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери буга чейин дагы  “Адилет” укуктук клиникасынын жактоочусу Тимур Султановдун суранычы менен жолугушкан болчу. 

Жолугушуу учурунда Р. Жээнбеков Акыйкатчынын өкүлүнө Бишкек ш. ШИИБ убактылуу кармоочу жайында төрт күн жатканын айтты. “Мен жаткан жай аябай муздак. Мындай адам чыдагыс шартта адамдарды камабаш керек. Ал эми УКЖ кызматкерлерине менин дооматым жок, мени кармоо шарттары гана канаттандырбайт”-деп билдирди ал.
Экс-депутат Р. Жээнбеков Акыйкатчынын өкүлүнө “ар кандай терс кырдаалдардан качуу үчүн” мезгил-мезгили менен келип байкоо жүргүзүп туруусун өтүндү. Ал өзү жабык мекемелердеги мыйзам бузуулар боюнча ММК дайыма маалымдап турарын, андан тышкары адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга кайрыларын айтты. 

 Ал эми айыпкер Пайзылда уулу Дамирбек боюнча “Адилет” укуктук клиникасынын жактоооочусу Тимур Султанов ага карата баш коргоо чарасын тандоо учурунда бир катар жагдайлар эске алынган эместигин белгиледи. Атап айтканда,  кылмыштардын классификациясы  боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүнүн анчейин оор эмес кылмыш деп айтылып, ага 5 жылдан ашпаган жаза каралган.  Андан тышкары, судья соттолуучунун Бишкек ш. жашап жатканын, тергөө органдарынан качпаганын эске албастан, ага карата камакка алуу түрүндөгү  баш коргоо чарасын тандаган.

Тимур Султановдун айтымында, Пайзылда уулу Дамирбекти камакка алган күндүн  эртеси ага 12 сааттын ичинде жактоочуну киргизишкен эмес, ошол эле маалда аскердик прокуратуранын тергөөчүсү А. Мойдунов Дамирбекке психологиялык кысым көрсөтүп, аны №1 ТИЗОдон №50 ТИЗО которуп коерун айтып коркуткан.

 Аталган арыз КР Акыйкатчысынын көзөмөлүндө.