КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкери камакка алынган Ж.Молдокматовго барды

16/12/2021 - 09:45

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын республиканын укук коргоо органдары тарабынан адам  укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкери Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине барып, тергөө абагына камалган Ж.Молдокматов менен сүйлөшкөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ж.Молдокматов КР күч түзүмдөрү тарабынан анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн уюлдук телефондорун мыйзамсыз тыңшоосу, бул адамдын кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугуна болгон конституциялык укугун одоно бузуу болуп саналарын билдирди. Мындан тышкары, ал  жашы жете элек эки баласы(1,5 жаш жана 11 жашта) бар болгондуктан, анын баш коргоо чарасын эркинен ажыратуу менен байланышпаган түрдөгү баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Акыйкатчы институту сот органдарына кайрылып, жардам берүүнү суранган. Ошондой эле ага бөгөт коюу чарасын тандоо боюнча үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда боло турган сот отурумуна мониторинг жүргүзүп берүүнү өтүндү.

Жеңиш Молдокматов КР Акыйкатчысынын аппаратына жазган жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда ошондой эле 11 жаштагы кызынын телефондук байланышын тыңшоо фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүүгө жана балдарынын конституциялык укуктарын коргоп берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин кызматкерлеринин камакта кармоо шарттарына жана аракеттерине эч кандай дооматы жок.

Ж.Молдокматовдун арызы КР Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн көзөмөлүндө турат.