КР Акыйкатчы аппаратынын көмөгүндө реабилитациялык эки борбордун тарбиялануучуларына куурчак театрында оюн көрсөтүлдү

23/09/2019 - 16:46

2019-жылы 22-сентябрда “Балдар укуктары жөнүндө” эл аралык конвенциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш чаралардын алкактарында КР Акыйкатчысынын Балдардын, аялдардын, үй-бүлөнүн укуктарын коргоо  бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору, ошондой эле Балдарды социалдык адаптациялоо борборунун тарбиялануучулары М.Жангазиев атындагы республикалык куурчак театрында оюн көрсөтүлдү.   

Акыйкатчынын сунушуна ылайык акысыз оюн коюу маселесин театрдын директору Б.Ч.Куланбаев түшүнүү менен оң жагына чечип берди. Ал эми балдарды театрга ташып келүү, кайрадан мекемеге жеткирүү үчүн транспорт менен камсыздоо маселесин Бишкек шаарынын мэриясы чечти.

Балдардын маданий эс алуусун уюштуруу  менен бирге эле  аларга ар түрдүү таттуулар Акыйкатчы аппараты тарабынан тартууланды.