КР Акыйкатчы аппаратынын кадрлар резервинде тургандардын арасында конкурс өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кадрларынын резервинде турган турган жана тийиштүү квалификациялык талаптарга жооп берген кызматкерлердин арасында сот органдары менен иштөө жана сот процесстерине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт.
Жетектөөчү адис (К-А, 1шт. бирдик.)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– юриспруденция багытында жогорку кесиптик билими.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
–иш тажрыйбасына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциясы:
3.1. Билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин;
– “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамын”;
– Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын, “Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө” КР Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө” КР Мыйзамдарын билүүсү.
3.2. Иш билгилиги:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматты жана суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тийиштүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны анализдөө жана аны практикалык ишмердикте колдонуу;
– кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишмердигин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат жазышуу;
– командада иштөө;
– логин жана пароль коюу;
– компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо;
– презентацияларды уюштуруу;
– маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндө берүү;
тексттик, графикалык жана таблица редакторлору менен иштөө;
– файл жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайра атоо, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
– тышкы перифериялык жабдууларды кошо билүү;
– дисктик мейкиндикти тазалоо (архивдөө);
– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
– издөө тутумдары менен иштөө;
– ар кандай браузерлер менен иштөө;
– социалдык тармактарда кызматтык этиканы сактоо менен сыпайы өз ара аракеттенүү
– маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндө көрсөтүүнү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутуму менен колдонуу;
–уюмдун веб-конференц байланыш тиркемесин колдонуу;
– сактоо, жеткирүү жана фидеоматериалдарды көрсөтүү үчүн веб- тиркемелерди;
– текстти оңдоо жана редакциялоо;
– офистик техника менен иштөөсү (көчүрүү аппараттары, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс).
3.3. Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш тажрыйбада колдонуу;
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– жылдык жана атайын баяндамаларга материалдарды даярдоо;
– жарандардын кайрылууларын кароо;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруусу.