КР Акыйкатчы аппаратынын алдында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарынын маселелери боюнча координациялык кеңеш түзүү демилгеленди

16/03/2021 - 16:40

Бүгүн, 2021-жылдын 16-мартында КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) демилгесинде “Майыптыгы бар адамдардын социалдык-экономикалык укуктарын коргоо” темасында тегерек стол болуп өттү.  

Иш чарага ДМЧАлардын укуктарын жана таламдарын көздөгөн өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү - «Равенство» мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын биримдиги, “ДМЧА үчүн жеткиликтүү чөйрө” КФ, «Жаңыртуу»  коомдук кайрымдуулук фонду (менталдык бузулууларга кабылгандарга көмөк), “Алга кыймыл- «Движение вперед»” фонду (шал оорусу менен жабыркаган балдарга жардам), «Луч добра» КФ (инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча), «АРДИ» "ARDI"-майыптыгы бар балдардын ата энелеринин ассоциациясы коомдук бирикмеси, “Жаңырык” улуттук тармагы, “Социалдык ишкердик ассоциациясы”,  “Үмүт шамы” коомдук кайрымдуулук фонду,  Улуттук Кызыл жарым ай коому жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун өкүлдөрү катышышты.

Акыйкатчы Токон Мамытов өз сөзүндө бүгүнкү иш чаранын маанисине токтолду. Анткени бүгүнкү күндө. ДМЧАлардын саны 186 миңди түзөт, ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 30 миңден ашуун.

Тегерек столдун жүрүшүндө Зухра Кемельбекованын жетекчилигиндеги «Нурлуу кайрымдуу кыздар» кайрымдуулук фонду муктаж болгон катышуучуларга азык-түлүк баштыктарын жана оюнчуктарды таратышты.   

Тегерек столдун катышуучулары майыптыгы бар балдардын курч көйгөйлөрүн, майып балдары бар ата-энелердин көйгөйлөрүн жана ДМЧАлардын укуктарына байланышкан маселелерди талкууга алышты. Билим берүүгө жеткиликтүүлүк маселеси, инклюзивдик билим берүү маселелери, маданий-тиричилик обьектилерине жеткиликтүүлүк,   социалдык турак-жай маселелери, мыйзамдардагы жетишпестиктер жана башка маселелер талкууга алынды.

Тегерек столдун жүрүшүндө КР Акыйкатчысы Токон Мамытов ДМЧАлардын укуктарын коргоого жигердүү салым кошкону үчүн КР Акыйкатчысынын веломстволук сыйлыгы Ардак грамота менен Айсулуу Султанованы, Бурмакан Борбуеваны жана Рысбү Жоошбаеваны сыйлады.

Жолугушуунун аягында, катышуучулар тарабынан КР Акыйкатчы аппаратынын алдында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарынын маселелери боюнча координациялык кеңеш түзүү демилгеленди.  КР  Акыйкатчысы ошондой эле майыптыгы бар активисттердин арасынан коомдук кеңешчилер жана жардамчыларды дайындоого даярдыгын билдирди.  Координациялык кеңеш ДМЧАлардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгып, КР Өкмөтүнө кайрылуу даярдоо зарылдыгы белгиленди.