КР Акыйкатчы аппаратында республиканын Куралдуу күчтөр кызматына жаштарды даярдоо маселеси талкууланды

25/12/2019 - 14:25

2019-жылдын  24-декабрында Акыйкатчы аппаратынын конференц-залында бүгүнкү күндө КР Куралдуу күчтөрүндө орун алган көйгөйлөргө арналган  маселелер талкууланды.  Тактап айтканда: “КР Куралдуу күчтөрүндөгү өз жанын кыюулар, кокустуктар жана уставга жатпаган өз ара мамилелер: себептер, корутундулар жана сунуштар” жана “КР Куралдуу күчтөр кызматына жаштарды даярдоо” темалары талкууга алынды.

Бул иш-чара, Жарандык –саясий  укуктарды, мигранттардын,чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн жана КР Акыйкатчысынын алдындагы аскерлердин укуктарын коргоо боюна кеңештин колдоосунда өттү.

Жолугушууну ачып жатып, Токон Мамытов салтанаттуу түрдө эки сыйлык тапшырды. “Акыйкат” медалына КР Акыйкатчысынын алдындагы аскерлердин укуктарын коргоо боюна кеңештин төрагасы Анвар Сартаев татыктуу болсо, ал эми Акыйкатчынын “Ардак грамотасы” менен  Аскерлердин энелеринин республикалык комитетинин төрагасы Уулкан Байгубатова сыйланды.

КР Акыйкатчысы тегерек столдун катышуучуларына көтөрүлүп жаткан маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп,  алар аскер адамдарынын укуктары жана КР Куралдуу күчтөрү кызматына жаштарды даярдоо боюнча бүгүнкү айтылган көйгөйлөрдү көңүл борборго алып, системдүү жана туруктуу иштеши абзелдигин айтты.

Андан соң, тийиштүү баяндамалары менен “Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси А. Абдирасулова жана төрага А. Сартаев  чыгып сүйлөштү. Талкууга  Акыйкатчысынын алдындагы аскерлердин укуктарын коргоо боюна кеңештин мүчөлөрү, КР Өкмөт аппаратынын өкүлү, Мамлекеттик чек-ара кызматынын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, КР ИИМ ички коопсуздук боюнча аскердик кызматынын, ошондой эле КР Билим жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим боюнча агентствосунун өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын катышуучулары бүгүнкү талкууланган теманын заманбаптыгын жана мындан ары да көңүл бурууну талап кылаарын белгилешти.