КР Акыйкатчы аппаратына жаран арыз менен кайрылып, аны милициянын кызматкерлдери машинага түртүп салып, эсин жоготкучакты сабап, муунтушкандыгын айткан

26/06/2019 - 15:31

2019-жылдын 19июнунда, Бишкек шаарындагы ШИИБ УКЖ болгон кезектеги баруунун жүрүшүндө, Акыйкатчы аппаратынын Адамдын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын укук коргоо органдары жана башка камакта кармоо жайлары тарабынан сакталышы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандын 35 жаштагы жаранынын арызын кабыл алышкан.

Камакта жаткан жарандын кайрылуусунда, 2019-жылдын 18-июнунда Свердлов РИИБ кызматкерлери Аламүдүн базарынын жанынан бишкек шаарынын эки жашоочусун кармашкан. Андан соң, алар телефон уурдагандыгын моюнга алдыруу максатында алардын бирин машинага түртүп киргизип, үч сааттай аны сабашкан жана акыл-эсин жоготкучакты муунтушкан.

Арыз ээсин бир караганда эле сабоонун белгилери билинген. Андан тышкары, дарыгерлердин жазуусуна ылайык, анын денесинде жанчылган жерлери, кан уюп калуу, көгөргөн жерлер, сол кулагы жанчылгандыгы оң тарабындагы кабыргасы сынгандыгы белгилүү болгон.

Аталган факт боюнча Акыйкатчынын өкүлдөрү тарабынан Бишкек шаарындагы Свердлов райондук прокуратурасына тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн арыз жолдонгон.