КР Акыйкатчы аппараты шаардык бийликтен эки өспүрүм кызды мамлекеттик камсыздоого алууну суранат
Акыйкатчынын орун басары, жакындан бери Балдар Омбудсменинин милдетин аткарып жаткан Гульнара Жамгырчиева 2019-жылдын 20-июнунда Ошт облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашаган атасына барабыз деп, жашап жаткан эжесинин үйүнөн качып чыккан эки өспүрүм кыздын тагдырын көзөмөлгө алган.
Г. Жамгырчиева белгилегендей, 10 күн аралыгында кыздардын атасынын учурда жашап жаткан жерин табуу, жашоо-шартын аныктоо, ошондой эле алар жашап жатып качканга аракет кылган эжесинин үйүн, анын жашоо-шартын аныктоо, андан тышкары кыздар коопсуз, туруктуу шартта жашаш үчүн максаттуу, багыттуу иш жүргүзүлдү.
Акыйкатчы аппаратынын Балдар Омбудсменинин көзөмөлү алдында Балдардын, аялдардын жна үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмү такташкандай, кыздардын атасы жарым жылдан бери Ош облусунда жашабайт, Бишкекте жашайт. Бул убакыт аралыгында ал бир да жолу кыздары менен көрүшкөн эмес. Бишкекте жашаган туруктуу жери жок, спирт ичимдигин көп ичет. Анын биртууган эжеси дагы кыздарды мындан ары алып тарбиялоодон баш тарткан.
Акыйкатчы аппараты менен Бишкек ш. Мэриясынын алдындагы Кароосуз калган жаштар жана балдар борборунун (кыздар ушул борборго өткөрүлгөн) тыгыз иштешүүсүнүн натыйжасында кыздар психологиялык реабилитациядан өткөрүү максатында, Ысык-Көлдөгү ден-соолукту чыңдоочу лагеринин бирине жиберилип, учурда ал жакта эс алып жүрүшөт.
Акыйкатчы аппараты Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына, ошондой эле Бишкек ш. Мэриясына өспүрүм кыздар татыктуу шартта жашаш үчүн мамлекеттик балдар мекемесинин (балдар үйү) бирине өткөрүп, аларды мамлекеттик камсыздоого алуу маселесин оң жагына чечүүнү суранып кат жолдоду.