КР Акыйкатчы аппараты: өлкөнүн жогорку окуу жайларында контракттык окутууга акыны төмөндөтүү зарыл

24/11/2020 - 14:07

КР Акыйкатчы аппараты Кыргызстандын жождорунун жетекчилиги КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майдагы № 300 Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Токтомун аткаруунун алкактарында республиканын жогорку окуу жайларынын контракттык негизде окуган студенттеринин окуу үчүн акысын онлайн режимде окуп (аралыктан) билим алып жаткан студенттер үчүн төмөндөтүүнүн вариантын табышы керек деп эсептейт.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигине студенттерге предметтерди он-лайн режиминде (аралыктан) окутуу кызматы үчүн факт жүзүндө көрсөтүлгөн кызмат үчүн  чыгымдарды кайра эсептеп чыгууну сунуштайт. Эсептөө документине окуу мекемелеринин чыгымдары, лекция залдарында жана  сабак өтүүчү аудиторияларда электр энергиясы (жарыктандыруу) жылуулук энергиясы үчүн, окутуучулардын айлыктарына онлайн режимде окутканы үчүн  кошумча төлөөлөрдү кошпой эсептесе,  ж.б.  онлайн окутуу үчүн чыгымдар кыйла төмөндөйт деп эсептейт.  

Чыгымдарды алып салуу жана аларды азайтуу республиканын жогорку окуу жайларында контракттык негизде окутуу үчүн акынын наркына тиешелүү түрдө таасири тийип, ал төмөндөө жагына кетет, бул өз кезегинде студенттердин конституциялык укуктарын коргоого шарт түзөт..