КР Акыйкатчы аппараты кыйноолордун алдын алуу боюнча долбоорунун 2-баскычын ишке ашырууга киришти

07/12/2019 - 15:17

КР Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери кыйноолордун алдын алуу боюнча долбоорунун 2-баскычын  Ош шаарында ишке ашырарын билдиришти.  Аталган долбоор КР Акыйкатчы институту менен “Голос свободы” коомдук уюмунун ортосунда 2020-жылга карата түзүлгөн келишимдин алкагында өтүп жатат. Биринчи баскычы Бишкек шаарында өткөрүлгөн.

Тактап айтканда,  ушул жылдын 7-декабрында Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү, ошондой эле “Голос свободы” коомдук фонду менен бирдикте Ош шаарынын ШИИБнүн  убактылуу кармоочу жайларына текшерүү жүргүзүлдү.

Иш сапардын максаты- кыйноолорду алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү болуп саналат. Мындан тышкары, камактагылардын жашоо шартына мониторинг жүргүзүлдү. Камакта жаткандар тараптан арыз-даттануулар түшкөн эмес.