КР Акыйкатчы аппараты күмөндүү жеке тараптын “укуктук кызматын” колдонбоого чакырат
КР Акыйкатчысына жубайлар Л.К. жана А.А. кайрылып, алардын 1993-жылы туулган кызы А.Т. менен Казакстан Республикасынын жараны Б.Р менен жарандык никеде тураарын , андан А.Т. аттуу кыз жана Б. Д. аттуу уулду болгонун, учурда алар болжолдуу түрдө Кордай районунда жашап жатканын айтышкан.
Алар кайрылуусунда, кызы жана неберелери Б.Р. тарабынан дайыма зомбулукка кабылып, кордолуп келерин, азыр да А.Т. ооруканада жатканын, кызы жана анын балдары Кыргызстанга кайтып келүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышат.
Аталган арыз боюнча Токон Мамытов тийиштүү катты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жазган. Алар өз кезегинде Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун прокуратурасына жазган. Акыйкатчы андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана Казакстан Республикасынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Азимовага да кайрылып, мекендешибиз А.Т. кайтып келүүсүнө жардам көрсөтүүсүн өтүнгөн.
Адам укугу бузулган жагдайларда арыздануучулар, күчү жетпеген ишти аягына чыгарып берем деп убада берип ал кызматы үчүн акча алган күмөндүү жеке тараптын жана үчүнчү жактын “укуктук кызматын” пайдаланбай, ыкчам жана натыйжалуу жардам алуу үчүн Акыйкатчы аппаратына түздөн-түз өзү же жакын туугандары же ишеним өкүлдөрү (ишеним кат менен) аркылуу кайрылуусу керектигин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту эскертет жана буга жарандар абдан тыкыр көңүл бурушун өтүнөт.
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР мыйзамынын 4-беренесинин, 1-бөлүмүнө ылайык, “Кыргыз Республикасында ар бир жаран мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу кайрылуу укугуна ээ”, ал эми аталган мыйзамдын ушул беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, “Жашы жетелек же аракетке жөндөмсүз адамдардын кызыкчылыктарындагы арыздарды жана даттанууларды алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле көзөмөлдүк жана камкордук органдары берүүгө укуктуу”.
Буга байланыштуу, Акыйкатчы аппараты арыздануучуга зарыл болгон учурда, Акыйкатчы институтунда мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында акысыз жактоочулук кызмат көрсөтүүлөрүн маалымдайт.