КР Акыйкатчы аппараты кайрымдуулук жардамын көрсөтүштү

07/04/2020 - 16:12

Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппараты Бишкек шаарында жашаган, турмуш шарты оор 27 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөттү. Жардам алгандардын арасында улгайган адамдар, жакыр жашагандар жана көп балалуу үй-бүлөлөр бар. Алып айтканда, аларга күндөлүк керектелүүчү азык-түлүктөр: ун, май, макарон азыктары, кумшекер, чай , туз ж.б.лар бар берилди.  

Мындай гуманитардык жардам көрсөтүүдө КР Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы кеңешчиси А.Хаджиев кыйла көмөк көрсөттү.