КР Акыйкатчы Аппараты: Бул ишке акыркы чекитти күнөөсүздүк презумпциясы принцибин эске алуу менен сот коет
КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) өкүлчүлүгүнүн инспекторунун кармалышы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн кызыгуусун жаратты. Буга байланыштуу Акыйкатчы аппараты төмөндөгүлөрдү билдирет:
Маалымат иретинде: Акыйкатчы аппаратынын инспектору А. Б. 1956 -жылы 1 -октябрда туулган.
Ал 2011-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнө кабыл алынган. 2021 -жылдын 1-октябрынан тартып, 65 жашка чыкканда, ал мамлекеттик кызматтан пенсияга кетүүнү көздөгөн.
А.Б. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратына кызматка келгенге чейин комсомолдук уюмдарда, айылдык кеңештин төрагасы, мектептин директору кызматтарын аркалаган.
2021-жылдын май айында Ысык-Көл облустук саламаттыкты сактоо мекемесиндеги жумушунан мыйзамсыз бошотулгандыгына нааразы болуп, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө Б.Ж. аттуу жаран кайрылган. Бул арызды изилдөөдө, эмгек мыйзамдарынын бир катар бузуулары табылган.
Тактап айтканда, Б.Ж. 2020 -жылдын 21 -декабрында иштен алынган а буйрук арткы мөөнөт менен б.а. 16 -ноябрь, 2020 –жылы таризделген.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 76 –беренесине ылайык, , иш берүүчү иштен бошотууга эмес, тиешелүү күнгө (смена) же тиешелүү мезгилге кызматкерди иштен четтетүүгө (жумушка киргизбөө) милдеттүү.
Жумуштан бошотулган учурда ага эмгек акы төлөнгөн эмес жана аны иштен бошотуу буйругу менен тааныштырышкан эмес.
Эмгек китепчеси кызматкерге Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган мөөнөттө берилген эмес.
Бул арызды кароонун жыйынтыгы боюнча кызматкерге айлык маянасы жарым -жартылай төлөнүп берилген.
Райондук саламаттыкты сактоо түзүмүнүн башчысы өзүнүн буйругу менен жогорудагы мыйзам бузууларга жол берген кызматкерге "эскертүү" жарыялаган. Ошондой эле ал жактан Акыйкатчы аппаратына эсеп бухгалтери эмгек өргүүсүндө болгондуктан, жумушка келгенден кийин карала тургандыгын билдиришкен.
“Эскертүү” түрүндө жаза алган кызматкер К. З. кийин жогоруда аталган кызматкер А.Б карата укук коргоо органдарына кайрылган.
Учурда К.З. менен Акыйкатчы аппаратынын инспектору А.Б. экөөнүн ортосунда болгон окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Тагыраак айтканда, тергөө кийинки окуялар кандайча өнүгүп жатканын иликтеп жатат. Акыйкатчы институту тергөө иштерине кийлигишпейт.
Биз тергөө объективдү болот деген ишенимдебиз. Бул маселе боюнча күнөөсүздүк презумпциясы принцибин жетекчиликке алуу менен акыркы чекитти сот коет.