КР Акыйкатчы аппараты "Биз адам укуктарын билебиз" аталыштагы республикалык видеотасмалар сынагы жарыяланды

30/10/2020 - 10:55

Көңүл бургула!

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты

2020-жылдын 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин

Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары жана студенттери арасында "БИЗ АДАМ УКУКТАРЫН БИЛЕБИЗ” аталыштагы РЕСПУБЛИКАЛЫК ВИДЕОТАСМАЛАР КОНКУРСУН жарыялайт

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары жана колледждеринин жана жогорку окуу жайларынын студенттери!

Сиздерди аталган видео сынакка катышууга чакырабыз! Сынактын катышуучулары 10 жаштан 22 жашка чейинки мектеп окуучулары, колледждердин жана университеттердин студенттери болушу абзел.

Сынактын максаттары жана милдеттери:

- адам укуктары жана аларды коргоо жаатында жаштарга билим берүү, ошондой эле Адам укуктарынын жалпы декларациясын (АУЖД) жайылтуу;

- окугандардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү;

- "адамдын кадыр-баркы" түшүнүгү жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу;

- адам укуктарын сактоо үчүн жеке жоопкерчиликти сезүүгө көмөктөшүү.

Баскычтары жана убактысы:

☑ _30_____ ноябрь - чыгармаларды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү.

☑ _4_____ декабрь - эксперттик калыстар тобунун иши жана чечим кабыл алуу.

☑ 10-декабрь - жеңүүчүлөрдү сыйлоо (Адам укуктарынын жалпы декларациясы жана Эл аралык адам укуктары күнү кабыл алынган күн).

Видеотасмага коюлган негизги талаптар:

☑ Узундугу: Видеолор 30 секунддан кем эмес, бирок 40 секунддан ашпашы керек. Видеону смартфон менен тартууга болот, бирок кадрдын горизонталдык абалында гана.

☑ Тема: Видеолор 1948-жылы кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясындагы адам укуктарынын бирин камтышы керек.

☑ Видеолордун тили: кыргыз жана орус.

☑ Куракты белгилөө: Видеодо кара фондо жаштын белгиси көрсөтүлүшү керек, мисалы “+6”, “+12”. Бул мындай сынактар үчүн милдеттүү талап.

Чыгармаларды  баалоо критерийлери:

✔ Чыгарма ушул сынактын темасына жана талаптарына ылайык келиши;

✔ Чыгарма адам укуктарын урматтоону пайда кылат жана аларды сактоонун маанилүүлүгүн көрсөтүшү;

✔ Чыгарма тандалган укуктун идеясын ачып бериши;

✔ Чыгарманын эстетикалык болушу;

✔ Чыгарманын оригиналдуулугу;

✔ Чыгарманын сапаттуулугу.

Сынактын номинациялары:

Сынак бардык категориядагы катышуучулар үчүн төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

Оюн видео. Видеодо актёрдук оюн камтылышы керек. Актёрлордун ролунда видеонун авторлору жана катышуучулары, ошондой эле башка адамдар катышса болот. 

Мультимедиа видео. Видеотасмада мультипликация, анимация, графика жана маалыматты берүүнүн башка аудиовизуалдык ыкмалары камтылышы мүмкүн.

‼ ️ Сынакка катышуу боюнча билдирмелер 2020-жылдын 30-ноябрына чейин akyikatchy2020@gmail.com дарегине жөнөтүлүшү керек.

I, II жана III орундар үчүн сыйлыктар төмөнкү категориялардын ар бири боюнча берилет:

 5-8-класстын окуучулары

 9-11-класстын окуучулары

 Колледждин студенттери

  Студенттер (1-4- курстар)

Пайдалуу маалымат:

✅   шилтеме www.ombudsman.kg сайтына

Байланыш боюнча маалымат:

Сынакка байланыштуу бардык суроолор  akyikatchy2020@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек