КР Акыйкатчы аппараты арыз ээсине алимент өндүрүп берүү маселесинде көмөк көрсөттү

28/12/2021 - 11:28

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине)  Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун тургуну ТА. арыз менен кайрылып, уулу Н-ди багууга жаран Р. Байдоолотовдон айына 4391 сом өлчөмүндө акча каражатын (алимент) өндүрүү  боюнча 2019-жылдын 28-майындагы соттун чечими 13 айдан бери аткарылбай жаткандыгын маалымдаган.

Ошондой эле, Сузак райондук сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлери бул иште аракетсиздигин көрсөтүп жатышканына даттанган. Көтөрүлгөн маселе КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты тарабынан  КРнын Жогорку сотуна караштуу сот департаментине Көңүл буруу актысы 2021-жылдын 5-ноябрында жолдонгон.

КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинен 2021-жылдын 17-ноябрында жооп алынган.  Анда, Р.Байдоолотовдун алимент карызы 2021-жылдын ноябрь айына чейин 41 600 сомду түзгөнү, 10-ноябрда аталган сумма Т.А-нын эсебине которгондугу жана мындан ары алиментти ай сайын кечиктирбей төлөм жүргүзүүсү  эскертилгендиги айтылган.

Ошентип, КР Акыйкатчы аппаратынын Көңүл буруу актысынан кийин Т.А. уулуна алимент боюнча карыз өндүрүлгөн.