КР Акыйкатчы аппараты Акыйкатчынын басма сөз катчысы Б. А. Сабировага көңүл айтат

13/04/2021 - 14:05

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун жетекчилиги жана эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын басма сөз катчысы Сабирова Барнохан Азатовнага жолдошу, 1958-жылы туулган ХОДЖАЕВ Запар Исаковичтин дүйнөдөн мезгилсиз жана күтүүсүз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Барно Азатовна, сиздин орду толгус жоготуу кайгыңызды тең бөлүшөбүз. Жолдошуңуздун жаркын элеси түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөңүзгө, жакын туугандарыңызга жана дос-тамырларыңызга кайрат жана сабырдуулук тилейбиз.