Кош бойлуулуктун 9-айында каза болгон аялдын иши Акыйкатчынын Талас облустук өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) дарегине 2019-жылы 10-июнда Талас шаарынын тургуну А. С. арыз менен кайрылган. Ал арызында 1991-жылы туулган кызы А.А. өлүмүнө врачтардын шалаакы мамилеси себепкер болгонун айткан. Боюнда бар А.А. 9-майда ичи ооруп барганда Кара-Буура райондук аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө нөөмөттө турган дарыгер ооруканага жаткырган. Эртеси 10-майда дарыгер Ж. Нуржанова келип, текшербестен, орой мамиле жасап, ооруканадан чыгарып жиберген.
2019-жылы 3-июнь күнү саат 10-30 чамасында телефон аркылуу А.А. Кара-Буура районунун аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эсин жоготуп жатып калгандыгын күйөө баласы Нурсултандан угушкан. Ооруканага барган энеси кызын көрөйүн десе, “кызың пульсу жок түштү, азыр моргдо” деген жоопту уккан.
Жок дегенде ичтеги баланы сактап калууга аракет кылбай, өз иштерине шалаакы мамиле кылышканы үчүн дарыгерлерге мыйзам чегинде чара көрүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган.
Жогорудагы арыздын негизинде КР Акыйкатчысынын Талас облустук өкүлчүлүгү тарабынан Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана Кара-Буура райондук аймактык ооруканасына барып, териштирүү максатында түшүнүк каттар алынган. Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери координатор Д. Темиркулова, дарыгерлер С. Төрөгелдиева, Г. Суваналиева, Р. Токсонбаева, медайым А. Маралбаева түшүнүк кат жазышты. Түшүнүк каттарды алгандан кийин Акыйкатчынын Талас облусунун өкүлчүлүгү арыз берүүчү С. А-ны чакырып, кээ бир жагдайларды такташты.
Натыйжада Г.Суваналиева кош бойлуу адамга карата орой мамиле жасаганы, Кара- Буура райондук №5 ҮБДТ үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн дарыгери Р. Токсонбаева. Кара-Буура ҮБДТна жолдомо көрсөтмөсүз жөнөткөнү боюнча, дарыгер Д. Темиркулова кош бойлуу А. А-ны УДИден (ультра добуш изилдөөсү) көргөндөн кийин эмне себептен төрөт бөлүмүнө жөнөтпөстөн, анализ тапшырууга жөнөткөнү боюнча (ҮБДТ келгенден болжолу менен 40-45 минут өткөндөн кийин жандандыруу бөлүмөнө түшкөн) Кара- Буура райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн башкы дарыгеринин дарегине Көңүл буруу актысы даярдалды.
Көрсөтүлгөн жагдайларды териштирүү жана юридикалык жактан баа берүү үчүн Кара-Буура райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.
Бул ишти Акыйкатчы аппаратынын Талас облусунун өкүлчүлүгү көзөмөлгө алды.