Кош бойлуу аялды эски телефонду уурдаганы үчүн №1 ТИЗОго камашкан
2019-жылдын 12-июнунда КР Акыйкатчысы Токон Мамытов №1 ТИЗОго барган учурда Б.С. аттуу аял менен маектешти. Ал буга чейин КР Акыйкатчысына арыз менен кайрылып, Свердлов районунун тергөө кызматынын тергөөчүсү жана райондук соттун судьясынын аракеттерине даттанган эле.
Арыз ээси эски телефонду алганы үчүн кармалганын, ал телефонду өз ээсине кайтарып бергенин, ал тууралуу тил каты бар экенин маалымдады. Ошондой эле арыз ээсинин 1 жаш 2 айлык баласы бар, ошондой эле ал 3 айлык боюнда бар экенин да айтты.
Акыйкатчынын пикиринде, бул иш боюнча Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.Сабырова жаран Б.С.ти 1 айлык мөөнөткө ТИЗОго камоо түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Судья Б.С.тин кош бойлуулугун, жаш баласы бардыгын жана телефондун наркы 10 миң сомго жетепегенин эске алган эмес. Бул кылмыш катары эмес КР Жорук кодекси боюнча каралышы керек эле.
Мындан сырткары, Б.С. арызын кароодо Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек ШИИБ убактылуу кармоочу жайына барышып, Б.С. мыйзамда белгиленген мөөнөттөн ашыкча кармалып турганын (2019-жылдын 31-майынан 8-июнга чейин) аныкташкан.
Бул арыз боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасына тиешелүү кайрылуу жолдошкон.