Короодо ойноп жатып токмок жеген балдардын укугун коргоо боюнча Акыйкатчы аппараты Башкы Прокуратурага жана ИИМ кайрылды
2019-жылдын 27-июнда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары, Балдар омбудсмени Гулнара Жамгырчиевага Бишкек ш. тургуну Г. Ж. жолугуп, арыз-арманын айткан.
Анда айтылгандай, 20.06.2019 ж. 20.00 чамасында Жал кичирайонунун короосунда ойноп жаткан уулу Д. Ы. бир бала менен чырдаша кеткен. А.Б. иниси Э болушуп Г.Ж. балдарын 2008-жылы туулган Д.А. жана 2009-ж. туулган Д. Ы. сабаган. Ошол эле күнү 102 телефон номуруна кайрылып, Ленин райондук ИИБ тергөөчүсү Н. Токтосунов арызды кабыл алып, Г.Ж. балдары Бишкек шаарынын №3-балдар ооруканасына жаткырылган.
Арыз ээси азыркы күнгө чейин тергөөчү жактан эч кандай чара көрүлбөй, кайра ишке тоскоол кылып, соттук-медициналык экспертизага материалдарды атайлап кеч жөнөткөн, тактап айтканда, 2 күндөн кийин 2019-жылдын 23-июнунда гана жибергенин айтты. Г.Ж. маалыматы боюнча жаш балдарды сабаган А. Б. тергөөчү тараптан суралбай, кылмышты жашырууга аракеттенип жатат. Учурда Г.Ж. балдары кулагы укпай, баш мээси чайкалып, ооруканада дарыланып жатышат.
Жогоруда арыз ээсинин арыздануусунун негизинде жана «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин 6-пунктунун жана 12-беренесинин 1-пунктунун негизинде текшерүү жүргүзүү жана кылдаттык менен иликтөө максатында, арыз ээлери тарабынан көрсөтүлгүн дооматтарды карап чыгып, жашы жете элек балдардын укугун коргоо боюнча чара кабыл алуу боюнча Акыйкатчы аппаратынын орун басарынын атынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигине кат жөнөтүлдү
Бул иш Акыйкатчы аппаратынын көзөмөлүндө.