Көпчүлүк кыргызстандыктар өзүнүн өлкөсүнүн мыйзамдарын билбейт жана аны аткаргысы келбейт
Үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда Токмок ш. тургундарына бир күндүк акысыз укуктук-консультациялык жардам көрсөтүлдү. Бул иш чарага Акыйкатчы аппаратынын Чүй облусунун өкүлчүлүгү, Акыйкатчынын жардамчылары жана кеңешчилери, Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлөрү, жактоочулар, нотариустар, Социалдык фонд, паспорт стол мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү активдүү катышышты.
Аталган акциянын максаты- калктын аялуу катмарынын укуктук коргонуусун жогорулатуу, юридикалык көмөк көрсөтүү, укуктук жол көрсөтүү, соттук акыйкаттыкка жетүүнү камсыздоо, КР жарандарынын эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү болуп саналат.
Иш чаранын жүрүшүндө ар кыл тармактагы маселелер боюнча көптөгөн консультациялар берилип, «Адам укуктары боюнча КР Акыйкатчысы (Омбудсмени)», «Адам укугу-өлкөнүн башкы баалуулугу», «КР Акыйкатчысы. Арыз-даттануулардын берилиши жана каралышы» (кыргыз жана орус тилдеринде) брошюралар таратылды.
Токмок ш. тургундарын бушайман кылган пособие жана алимент алуу, эмгек мамилелери, кыймылсыз мүлк (жер тилкелерин) талаш, ажырашуу процесси, КР жараны катары паспорт алуу, Токмок ш. иштеп жаткан базардагы салыктарды төлөө жана социалдык камсыздандыруу маселелери болду.
Акциянын жүрүшүндө көпчүлүк кыргызстандыктар өзүнүн өлкөсүнүн мыйзамдарын билбейт жана аткаргылары келишпейт экени байкалды.
Жыйынтыктап айтсак, адамдын жана жарандын эркиндиги жана укуктарынын байма-бай бузулушу убакыт өткөн сайын Кыргызстандын мыйзамдарында жол берилген эреже бузуулар үчүн эл арасында юридикалык жоопкерчилик тууралуу туура эмес ойлордун түптөлүшүнө алып келери шекшиз.