А. Колопов «Адам укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары – мамлекеттин жана коомдун эң жогорку баалуулугу» аталышындагы эл аралык конференцияга катышты

24/02/2022 - 16:10

2022-жылдын 23-февралында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Альберт Колопов «Адам укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары – мамлекеттин жана коомдун эң жогорку баалуулугу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга онлайн режиминде катышты. Эл аралык конференция Өзбекстан Республикасынын Омбудсмени тарабынан ЕККУ жана АУБЖКБ жардамы менен уюштурулуп, аралаш форматта – оффлайн жана онлайн (ZOOM) платформасында өткөрүлдү.

Конференцияга Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова, Сербия Республикасынын Жарандарынын коргоочусу Зоран Пасалич, Венгрия Республикасынын Негизги укуктары боюнча комиссары Акос Козма, Түркиянын Башкы Омбудсмени Шереф Малкоч, Таиланддын Башкы Омбудсмени Сомсак Сувансуджарит, Азербайжан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сабина Алиева, Тажикстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозада жана Түркмөнстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яздурсун Гурбанназарова, ошондой элебир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү: БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча Аймактык бөлүмүнүн Башчысы Ришард Коменда, ЕККУнун Өзбекстандагы долбоорлорунун координатору Пьер фон Аркс, Өзбекстан Республикасынын Олий мажилисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын биринчи орун басары Акмаль Саидов, Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Илья Чечельницкий, Өзбекстан Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алия Юнусова, Өзбекстан Майыптар Ассоциациясынын төрагасы Фарход Абдурахмонов, Өзбекстан Республикасынын ИИМ караштуу жазаларды аткаруу департаментинин кызматкери Жамшид Султонов, Өзбекстан Республикасынын Олий мажилисинин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Сурхандаря облусунун Аймактык өкүлү Абдурашид Артиков, ошондой эле жарандык коом институттарынын жана массалаык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Катышуучулар жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, ошондой эле жаза өтөө мекемелеринде кармалган адамдардын укуктарын натыйжалуу коргоо маселелерин талкуулашты. Жаштарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды натыйжалуу социалдык жактан коргоону жана социалдык-экономикалык абалына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу, ТИЗОлорго жана жаза аткаруу мекемелерине мониторинг жүргүзүү системасын ишке ашыруу, ошондой эле практикалык тажрыйба алмашуу маселелери көтөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары А.Колопов Эл аралык конференциянын “Жаза аткаруу мекемелеринде кармалган адамдардын укуктарын коргоо жана колдоо” аталыштагы III сессиясында сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө “Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүндөгү эң маанилүү багыттардын бири – эркиндигинен ажыратылган жайларда жарандардын укуктарын коргоо. Бул иш мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана жабык мекемелерге үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө багытталган иш-чаралардын бүтүндөй комплексин камтыйт, мында Акыйкатчы институту арыздар боюнча мониторинг, текшерүү жана териштирүү аркылуу эркиндигинен ажыратуу жайларында адамдын жана жарандын укуктарынын сакталышынын абалына системалуу түрдө мониторинг жүргүзүп турат”, - деп белгиледи.

 Соттолгондор жазаны аткаруу жана өтөө мезгилинде алардын ден соолугун коргоону, анын ичинде акысыз алгачкы медициналык-санитардык жардамды жана адистештирилген медициналык жардамды, анын ичинде амбулатордук же стационардык шарттарда камсыз кылуучу жардамдарды алууга укуктуу.

Эл аралык иш-чарада чыгып сүйлөгөндөр адамдын ар-намысын сыйлоо, укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу ар бир өлкөнүн приоритети экенин белгиледи.