КМЮУ студенттерине КР Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти
2019-жылдын 3-декабрында Кыргыз мамлекттик Юридикалык Университетинин (мурдагы КМЮА-ред.)чакыруусу менен,ошондой эле адам укуктарынын Жалпы декларациясынын кабыл алынганын 71 -жылдыгына жана балдар конвенциясынын 30-жылдыгына карата, Акыйкатчы Токон Мамытовдун адам укуктары боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында, КМЮУ 1-курсунун студенттерине Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Акыйкатчы аппаратынын адам укуктарын коргоо жаатындагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти.
Жолугушуу суроо-жооп таризинде болуп, жаш юристтерге балдардын укуктарын коргоо боюнча маалыматтан тышкары, мигранттардын укуктарын коргоо боюнча маалыматтар, сот процесстерине мониторинг жүргүзүү жана процессуалдык бузуулар болсо Акыйкатчынын ага карата иш-аракеттери ж.б. жөнүндө кенен маалымат берилди. Талкуунун жыйынтыгында биринчи курстар Акыйкатчы аппаратында практика өтүүгө кызыктарлыгын билдиришти.
Конституциялык жана муниципиалдык укук кафедрасынын доценти Салтанат Муратбекова Акыйкатчынын өкүлдөрүнө маңыздуу кеп куруп бергендерине ыраазычылык айтып, Акыйкатчы аппараты менен КМЮУ ортосундагы мындан аркы тыгыз кызматташуусуна ишеним билдирди.