Кайрылмандар паспорттоштуруу маселесин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кийлигишүүсүнөн кийин чече алышкан

08/09/2021 - 12:49

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) басма сөз кызматы буга чейин коомчулукка кайрылмандардын укуктары бузулганын, алардан КРнын жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алынбай жатканын билдирген. КРнын Акыйкатчысынын кийлигишүүсүнөн кийин бул маселе оң жагына чечилди.

Жубайлар 1951-ж туулган Ш.Б жана 1954-ж туулган Н.А. жакында Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга жана улуттук паспортту алууга жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирүү үчүн Акыйкатчынын Ош жана Ош облусундагы кеңсесине келген. 

Кайрылмандар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Мамытовго жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Касымовго Кыргыз Республикасынын жарандыгын жана улуттук паспортун алууда көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришет.

“Белгилүү болгондой, биз Кытай Элдик Республикасынын Кыргыз Республикасынын Ош Облусунун Кара-Суу районуна бир нече жыл мурда туруктуу жашаганы келгенбиз. Паспорт бөлүмдөрүнө арыз тапшырып, бирок жыйынтык болбой калган. Жарандык алуу маселеси биз үчүн көйгөйлүү болуп турган учурда сиздердин көмөктөшүүңүздөрдүн негизинде бул маселе чечилип, биз 31-май 2021-ж. Кыргыз Республмкасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алдык. Ал эми июль айында паспорт алгандыгыбызды билдиребиз.

Сиздерде этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүп, оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алып, биздин укуктарыбызды мыйзам чегинде коргоп бергендериңизге чоң рахмат. Ишиңиздерге ийгилик каалап, алдыда жакшы жетишкендиктерге жетишүүңүздөрдү тилейбиз”-дейт ыраазычылык катта.