Кайрылман күбөлүгүн алган айым Акыйкатчы институтуна ыраазы

15/07/2021 - 13:29

2021-жылдын 13-июлунда  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнө мурда арызданган Арапбаева Аида Мырзабековна кайрылып, Ош өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине өз ыраазычылыгын билдирди.

Себеби, 2021-жылдын 9-июнунда ал Акыйкатчынын Ош өкүлчүлүгүнө келип, өзү Казакстандын жараны экендигин, бирок улуту кыргыз жана Кыргызстанда төрөлүп өскөнүн, 2007-жылы Казакстан жаранына турмушка чыгып, Казакстандын жарандыгын  алганын, бирок 3 балалуу болгондон кийин 2019-жылы ажырашып кетип Кыргызстанга кайтып келгендигин билдирген. Кыргызстанга келгенден тартып жарандыгы жоктугунан эч жерге жумушка орношо албай жатканын билдирген. Тиешелүү органдарга бир нече жолу кайрылганына карабастан, кайрылман күбөлүгүн ала албай жатканын маалымдоо менен ушул маселеге көмөк көрсөтүүнү  суранган. 

Арыз боюнча тиешелүү документтер изилденип, топтолуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик миграция кызматына кат жолдонгон.

Көп өтпөй кайрылман күбөлүгү Аида Арапбаеванын колуна тийген. 

Белгилеп кетүүчү жагдай, 2021-жылдын 1-мартынан тартып эл аралык “Актед” жана “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук уюму тарабынан “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында КРнын Акыйкатчысы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Ош өкүлчүлүгүнө  конкурстук негизде 2 юрист   кызматка тартылган. Бүгүнкү күндө алар тарабынан өкүлчүлүкө келген жарандарды кабыл алуу жүргүзүлүп, тиешелүү юридикалык кеңештер  берилүүдө. Акыйкатчы аппаратына караштуу  маселе боюнча арыздарды алуу иштери жүргүзүлүүдө. Арыздарды алып эле тим болбостон, өкүлчүлүктүн кызматкерлерине арыз менен иштөөдө практикалык жардамдарын көрсөтүүдө.

Эске салсак, А. Арапбаеванын арызы боюнча иш алып барууда да “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында КРнын Акыйкатчысынын облустук өкүлчүлүгүнө тартылган  юрист Алмазбек Козубаевдин салымы чоң.