Караколдо этникалык кыргыздар менен жолугушуу өткөрүлдү

12/05/2023 - 10:35

Каракол шаарындагы областтык администрациянын имаратында КРнын Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жана Омбудсмен институтунун кызматкерлери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жарандар менен жолугушуу өткөрүштү.

Ошондой эле жолугушууда коңшулаш мамлекеттерден Ысык-Көл областына көчүп келген этникалык кыргыздардын маселелерин айтылды.

Жолугушууда жарандар жер участокторун берүүдөгү, социалдык тейлөөлөрдү алуудагы мыйзамдуу укуктарынын бузулушуна арызданышты.

Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыз келин анын үй-бүлөсүнө мамлекет тараптан колдоо берилбей жатканын айтып нааразы болду.

“Менин биринчи никемден кызым бар. Мага балага берилчү жөлөк пулду чегербей коюшту, анткени жолдошумдун айдоого жарактуу 48 соток жери бар. Биздин үй-бүлө жолдошумдун 3 800 сом көлөмүндөгү чакан пенсиясына жашап жатабыз. Мен ден соолугумдун абалына байланыштуу иштей албайм. Күйөөм жаш курагына байланыштуу иштей албайт”,-деп айтты аял.

Аппараттын жетекчиси жөлөк пул берүү боюнча мыйзамга ылайык пенсия киреше болуп эсептелбесин түшүндүрдү.

Ошондой эле жолугушууда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тигил же бул себептерге байланыштуу укук коргоо органдарынан жана прокуратура органдарындагы сот системасынан акыйкаттыкка жете албай жаткан жарандарга укуктук көмөк көрсөтүштү.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жарандардын айрым көйгөйлөрүн жеринде чечип беришти. Мамлекеттик органдардын арасынан паспорт столдун өкүлү белгисиз себептерге байланыштуу жолугушууга катышкан жок. Көпчүлүк суроолор паспорт алуу жана башка документтерди тапшырууга, ошондой эле бюрократиялык процедураларга байланыштуу болду. Дал ушундай маселелер чечилбеген бойдон калды.

Бул маселелери менен жолугушууга келишкен жарандар Акыйкатчы институтуна алардын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү боюнча арыз жазышты.

Ысык-Көл областындагы акыйкатчынын өкүлчүлүгүнө улгайган аялдардын тобу “Жети-Өгүз” санаториясындагы кызматкерлердин эмгек укуктарын камсыздоо өтүнүчү менен кайрылышты.

Алар берген маалыматка караганда, санаторийдин жетекчилиги кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп жатат. Аялдар аталган ден соолукту чыңдоочу жайда алар өмүр бою эмгектенишкенин жана санаторийдин тагдырына кайдыгер эмес экендиктерин айтышты.  

“Бир жылдын ичинде белгисиз себептерден улам 40 адам жумуштан бошоп кетти. Иштен кеткендердин эмгек акыларын кармап калышууда. Биз баардык мамлекеттик органдарга кайрылдык, бирок натыйжа бербей жатат. Бизге санаторий ушундай абалда экенин, жарандар үчүн көрсөтүлгөн тейлөө начарлаганын карап турган оор. Эс алуучулар үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөй жатат”,-деп нааразы болушту аялдар.       

Санаторийде көп жыл эмгектенген аялдардын бири  аны өз ишин жогорку деңгээлде билгенине карабай мыйзамсыз иштен бошотушканын айтты. 

“Мен санаторийде өмүр бою медайым болуп иштедим. Мени дагы жөн эле жумуштан кетирип коюшту. Санаторйидин жетекчиси кызматкерлердин гана укуктарын бузуп тим болбой, кардарлардын дагы укуктарын да бузуп жатат. Санаторий КРнын Кесиптер бирлигинин балансында турат. Жолдомо алыш үчүн эл жылдар бою эмгектенишет. Анан эле бул жерге эс алууга келишсе укмуш начар шарттарга кабылып жатышат”,-деп билдирди ал.  

Андан соң Акыйкатчынын аппаратынын жетекчиси жана кызматкерлер Каракол шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына барышты.  

Ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тергөө жайында кармалып тургандарга тоскоолдуксуз киргизди.

Убактылуу кармоочу жайдын башчысы текшерип баргандарды коштоп жүрдү.

Акыйкатчы институтунун аппаратынын жетекчиси камерларды карап чыгып кармалгандардын укуктарын бузган бир катар бузууларды ачыктады. Негизинен кармалгандар отурган камераларда термометр жок. Камералар суук, ал эми имараттар желдетилген эмес.

“Тиешелүү төшөнчүлөр жок. Же болбосо көп убакыттар бою алмаштырышкан эмес. Ошондой эле убактылуу камалгандар кармалып турган имараттарда видео байкоо турат, ошол эле маалда жок дегенде камерасы жок кийинүүгө шарттар түзүлгөн эмес”,-деп билдирди бул маселелер тууралуу Азарбеков.

Ал ар бир кармалып турган жарандар менен сүйлөшүп жана кармоо шарттары тууралуу сурады. Алар даттанышкан жок.

Ошондой эле убактылуу тергөө жайында кармалып тургандардын кармоо мөөнөтү тууралуу маалыматты текшеришти.

Убактылуу кармоочу жайдын башчысы камоо мөөнөттөрү бузулбаганын, анткени абак жакын жайгашканын соттун чечими менен кармалып тургандар ал жакка дароо этап болорун же эркиндикке чыгарыларын айтты.