Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн бир катар кызматкерлери кош бойлуу аялды сабады деп айыпталууда. Бул кылмыш ишин иликтөө КР УКМКга тапшырылган

23/09/2021 - 22:30

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө  Г.А. аттуу жаран кайрылган, ал ага Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн  эки ыйгарым укуктуу опер кызматкери жана бир алгач тергөөчү (дознаватель)  тарабынан кол салууга жана ур-токмокко кабылганын,  натыйжада боюндагы  түйүлдүктүн түшүүсү болгонун  жазган.

Тактап айтканда, арыз ээсинин айтымында, 2021 -жылдын 5 -августунда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн аталган кызматкерлери аны кармап, уруп -сабап, муунтуп башташкан, андан кийин аны талаага алып чыгып кетишип, ал жактан уруп-сабоону улантышкан жана  ичке тепкилешкен. Өлтүрөбүз деп коркутушкан.

Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынан күнөөлүү милиция кызматкерлеринин тийиштүү жана адилеттүү жазасын алышына көмөк көрсөтүүнү суранат.

Бул арыздын негизинде Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Ысык-Көл облусунун прокуроруна кайрылуу жөнөткөн.  Прокуратурадан алынган жоопто, Г.А. аттуу жарандын арызы боюнча  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 321-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 1-бөлүгүнө ылайык, сотко чейинки өндүрүштү баштады. Тергөө иштерин Ысык-Көл облусунун УКМКсы жүргүзүүдө.

УКМК башкармалыгынан да жооп алынды (09.06.2021), анда бул кылмыш ишин тергөө КР УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн айыпталып жаткан кызматкерлерине карата КРнын Жазык -процесстик кодексине ылайык, тиешелүү укуктук чечим кабыл алынары маалымдалган..

Г.А.нын арызы  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө иш аягына адилеттүү чыкканга чейин көзөмөлдө болот.