“Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебине” мониторинг жүргүзүлдү

25/02/2022 - 16:02

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан жарыяланган “Балдарды зомбулуктан коргоонун бир айлыгынын” алкагында түзүлгөн иш мерчемдин негизинде 2022-жылдын 24-февраль күнү Ош облусунун “Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинде” балдардын укуктарынын сакталышынын абалына карата мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жүргүзүүдө КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн эксперта Т.Турганбаев, юрист О.Алиназаров жана Кара-Суу районунун прокурорунун жардамчысы Э.Асанкулов катышты.

Азыркы күндө “Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинде” Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарынан келген 182 бала тарбияланышат. Алар 17 класс комплектиде 0-9-класска чейин билим алышат. Жатак-мектепте балдардын билим алуусу учун зарыл болгон шарттар түзүлгөн. Балдарга билим берүүдө 45 мугалим, 35 тарбиячы, 22 техникалык кызматкерлер эмгектенип келет. Мугалимдер 5 жылда бир жолу Арабаев атындагы институту менен түзүлгөн келишимдин негизинде 72 сааттык курстан окуп, сынактан өтүп турушат.

Жатак-мектептин директору Ш.Бекажиевдин маалыматы боюнча Катар мамлекетинин каржылоосунда жаңы заманбап 2 кабаттуу мектептин имаратын куруу багытында иштер башталып, Кара-Суу райондук архитектура жана курулуш мекемесинин адистери тарабынан жерге жайгаштыруу пландары иштелип жатат.

Чечилбей келе жаткан көйгөй катары жатак-мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдү кесипке багыт берип даярдоочу 2 классттык атайын кесиптик лицей ачуу зарылчылыгын мектеп жамааты айтып келүүдө.