Кара-Балта шаарынын укук коргоочусу өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч бар экенин билдирди
КР Акыйкатчысына коомдук укук коргоочу, “Элдик көзөмөл департаменти” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Сулайман Муратов укук коргоо, Прокуратура орган кызматкерлеринин,Соттор кеңешинин өкүлдөрүнун жана КР Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн аракетсиздигине арызданып кайрылды.
Тактап айтканда, арыздануучу Акыйкатчынын кабыл алуусунда “Агартуу” коомдук фондусунун жеке юристи Н.Б. Керемецконун КР Конституциясынын жана мыйзамдарын одоно бузган фактыларын, ошондой эле Н.Б. Керемецконун кызыкчылыгын коргогон адамдардын атынан С. Муратовдун дарегине өмүрүнө жана коопсуздугуна коркутуулар болуп жатканын айтты.
С. Муратов белгилегендей, ал “Н.Б. Керемецконун коррупциялык жана мыйзамсыз иш-аракеттерине” каршы турган Кара-Балта шаарынын тургундарынын укугун жана кызыкчылыгын коргогон күндөн тартып, Б. Керемецко экөөнүн ортосундагы кесиптик кызыкчылыктагы каршылашуу 8 жылдан бери созулуп келет.
Ошондой эле, арыздануучу Акыйкатчыга “Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүнүн айрым милиция кызматкерлери- капитан Р.К., майор Т.Н., ошондой эле ушул эле ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү улук тергөөчү А.Б.,лейтенант Д.Ж., лейтенант Э.К жана лейтенант У.У. Н.Б. Керемецконун мыйзамсыз иш-аракеттерин туш тарабынан колдоп, анын таламын талашып жатышканын” билдирди.
Мындан тышкары, С. Муратов Н.Б. Керемецконун жеке өзүнөн, анын көмөкчүсү Ф. Умаров жана алардын кызыкчылыгын коргогон башка дагы адамдардын атынан өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна жана үй-бүлөсүнүн, балдарынын коопсуздугуна карата түшкөн коркутуулар боюнча жазган арызына жогоруда аты аталган милиция кызматкерлери кызматтык аракеттерди көрбөй, таптакыр көңүл бурбай жаткандары боюнча айыптады.
Дагы, С. Муратовдун айтымында, Н.Б. Керемецко жана Ф. Умаров коррупциялык жана мыйзамсыз кылган иштери үчүн жоопкерчиликтен качышып, 10 адамдын түзүмүнөн турган атайын мамлекеттик комиссия четке чыгарган, улуттар аралык кастыкты козутуп жатат- деген айыптоо менен тосмо арыз жазып салышкан. Тактап айтканда, комиссия менин дарегиме айтылып жаткан улуттар аралык кастыкты козутуу деген айыптоолор чындыкка дал келбейт, далил табылган жок деген чечимин берген”,-деп белгиледи арыздануучу.
КР Акыйкатчысы С. Муратов тарабынан айтылган фактыларды дыкат кароо боюнча институттун тиешелүү кызматкерлерине тапшырма берди.