Гулнара Жамгырчиева Евразиялык Омбудсмендер альянсынын VI жыйынына катышты

29/10/2021 - 11:53

Кечээ, 2021-жылдын 28-октябрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева Евразия мейкиндигинде жаштардын укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга арналган Евразиялык Омбудсмендер альянсынын VI отурумуна катышты. Конференция онлайн режиминде видеобайланыш аркылуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук укук коргоо институттарынын жетекчилери Евразиялык Омбудсмендер альянсына мүчө-мамлекеттердин коомдорунун жалпы максаттарын, жашоо образын жана маданий баалуулуктарын эске алуу менен жаштардын укуктарын коргоонун актуалдуу маселелерин, жаштардын укуктарынын кепилдиктерин күчөтүүнүн укуктук механизмдерин талкуулашты, ошондой эле жакынкы келечектеги биргелешкен милдеттерди дайындашты.

 Конференциянын катышуучуларын куттуктап, Г.Жамгырчиева Россиядагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңсесине жана  жеке Татьяна Москальковага бул жолугушууну уюштуруп, талкууга өтө актуалдуу маселелерди көтөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күндө коронавирус пандемияга жана анын кесепеттерине каршы күрөш жүрүп жаткан мезгилде жаштардын укуктарын коргоодо пайда болгон көйгөйлөрдү жоюу ар бир мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Мисалы, коронавирус пандемиянын жайылышына байланыштуу Кыргызстандын ЖОЖдорундагы студенттердин билими интернеттин жана ар кандай мессенджерлердин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен күндүзгү формадан онлайн формасына өттү. Ушундан улам студенттердин окуудагы көрсөткүчтөрү төмөндөп гана тим болбостон, окуу материалын көрсөтүүгө болгон мамиле да өзгөрүп, билим берүү мекемелеринин көрсөткөн кызматтарына кеткен чыгымдары бир топ кыскарган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна студенттерден конституциялык укуктарын коргоо, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында контракттык негизде окуу акысын төмөндөтүү маселелери боюнча кайрылуулар түшө баштады», - деди Г. Жамгычиева өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө.

Ошондой эле, КР Акыйкатчысынын орун басары Акыйкатчы институту жана ал жеке өзү республиканын Билим берүү министрлигине студенттердин алдындагы келишимдик милдеттенмелерди аткарууда кемчиликтерге жол бербөө, билим берүү мекемелерине укуктук жактан талдоо жүргүзүү сунушун киргизгендигин билдирди. ЖОЖдордо келишимдик милдеттенмелерди аткарууда  буларды аткаруусу керек:

- онлайн режиминде көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү кызматтын баасын аныктоого жана окутуунун иш жүзүндөгү чыгымдарына ылайык кайра эсептөөгө;

- келишимдик милдеттенмелердин аткарылышына укуктук талдоо жүргүзүүгө;

- сунушталган эсептөөлөр жана чыгарып салуулар боюнча толук маалымат берүүгө;

- контракттарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүн кароо.

«Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун бардык сунуштары тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр түшүнүп, тегерек столдор бардык жерде мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, жарандык активисттердин жана эн негизгиси, университеттердин, колледждердин, лицейлердин жана башка окуу жайларынын жетекчилиги катышуусунда өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө бул эң мыкты тажрыйбалардын бири болуп калды деп эсептейм, аны биз азыр катышып жаткан аудиторияга бөлүшө алабыз», - деп жыйынтыктады Гулнара Жамгырчиева.

Маалымат үчүн: Евраязиялык Омбудсмендердин альянсы 2017-жылы Россия Федерациясындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн түздөн-түз катышуусу менен түзүлгөн. Бул Европа менен Азиядагы коомдук укук коргоочулардын күч-аракеттерин бириктирген биринчи адам укуктары боюнча биримдиги. Бул уюмга сегиз мамлекеттин: Россия Федерациясынын, Кыргыз Республикасынын, Армения Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Монголиянын, Сербия Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын омбудсмендери кирет.