"Гендер жана эмгек: коопсуздук, теңдик жана кодулабоо" темасында онлайн тренинг өз ишин баштады

18/11/2020 - 15:39

Бүгүн, 2020-жылдын 18-ноябрында, "Гендер жана эмгек: коопсуздук, теңдик жана кодулабоо" аталышындагы онлайн тренинг өз ишин баштады.

Тренингдин уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту, Ф. Эберт атындагы фонддун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, "Бир Дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылы жана "Альтернатива" мигрант аялдардын эмгек укуктарын коргоо борбору болду.

Тренинг "Бир Дүйнө - Кыргызстан" - 2020 жана Борбор Азиядагы Мониторинг миссиясынын XIV Эл аралык Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын фестивалынын алкагында өткөрүлүүдө.

Бул онлайн окууга Акыйкатчынын кеңсесинин 15 кызматкери, анын ичинде Акыйкатчынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышууда.

Тренингдин катышуучулары алдында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Г.Жамгырчиева “Эмгек чөйрөсүндө аялдарга карата  гендердик кодулоо жөнүндө” деген темада сөз сүйлөп, “Буга жол бербөө боюнча  аракеттерге карабастан, кодулоо көбүнчө көмүскө, жашыруун мүнөздө болуп, аялдардын кадыр-баркын түшүрүп, аларды келечегинен ажыратып жатат. Мындай көрүнүш аларды жумушта өз оюн айтуу жана ишке толук кандуу катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууда. Дискриминация адамдын потенциалын кысымга алат, экономикалык прогресс үчүн зарыл болгон таланттарды текке кетирет, социалдык чыңалууну жана теңсиздикти күчөтөт. Мындан тышкары, бул нерсе социалдык обочолонуунун жана жакырчылыктын негизги себеби болуп берет”-деди.

Бул тренингдин иши 2020-жылдын 19 жана 25-ноябрында улантылат.

Тренингге эл аралык эксперттер катышууда, алар: Юлия Островская, Социалдык жана эмгек укуктары борбору (Россия), Мархаба Халмурзаева, Борбордук Азиядагы Эмгек укуктары боюнча мониторинг миссиясы (Россия), Джезилда Лима, эксперт (Россия-Бразилия). Улуттук эксперттер: Жамиля Капарова, "Энсан Диамонд" бейөкмөт уюму, Мурат Карыпов, Бир дүйнө-Кыргызстан укук коргоо кыймылынан:

Тренингдин модератору - Лира Асылбек, “Альтернатива” мигрант аялдардын эмгек укуктарын коргоо борборунан.